Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Жогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берди


Жогорку Кеңештин жыйыны.
Жогорку Кеңештин жыйыны.

Жогорку Кеңеш Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап, макулдук берди. Эл өкүлдөрүнүн 69у макул, жетөө каршы болду.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жыйындан чыгып журналисттерге мындай жооп берди.

“Президентибиздин сунушу каралды. Казакстан мамлекетине ЖККУнун чечимине ылайык, биздин аскерлерди киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш чечим чыгарды. Аскерлердин жөнөп кетишин, убактысын, шартын эми карап чыгабыз”, - деди Ташиев.

7-январда чукул чогулган парламент алгач жыйынды ачык карап баштаган. Жыйында айрым депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүдө жоопкерчилик маселесин көтөрүштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселеде депутаттарды пиар жасабоого чакырды. Жыйынтыгында депутаттар жыйында ар кандай сөздөр айтылаарын жүйө кылып, жабык өткөрүүнү колдошкон.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барат. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга "тынчтык орнотуу күчтөрүн" жөнөткөнү маалым болду.

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2,5 миңдей аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” маалымат агенттигине билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG