Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Мухтар Аблязов күч түзүмдөрүн акцияга чыккандарга кол көтөрбөөгө чакырды


Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

Бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Казакстандагы соңку кырдаал боюнча билдирүү жасап, “укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин коомчулукка ачык жарыялап, эл тарапка өтүүгө” үндөдү.

Ал “эгер бийлик качып кетсе, алар өлкөдө калышарын, кийин элден кечирим сурап каларын” айтты. Саясатчы “элге ок атпоого жана кол көтөрбөөгө” чакырды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мурдараак видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен. Анын алдында “Твиттерде” жазган постунда, “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” үндөгөн.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат. 5-январга караган түнү акцияга чыккандар тарабай турат, айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар болду.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматыда эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды. Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, кайра бошотулду. Нур-Султан шаарында полиция кызматкерлери "Азаттыктын" редактору Дархан Омирбек автоунаага салып алып кетишкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG