Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Ташиев: Казакстанда кыргыз аскерлерине ар кандай тобокелчиликтер болушу мүмкүн


Парламент жыйыны. 7-январь, 2022-жыл.
Парламент жыйыны. 7-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган кыргыз жоокерлери ар кандай тобокелчиликке кабылыш мүмкүн экенин айтты. Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, тынч эмес абалдагы өлкөдө кепилдик жок экенин ачык айтуу керектигин белгиледи.

“Абал оңой эмес, оор болуп турат. Кайсы бир деңгээлде тобокелчилик болуп жатышы мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт, муну ачык айтыш керек. Барганда чабуул болбойт, баары жакшы болот деп айтыш өтө кыйын”, - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы аскерлер атайын даярдыктан өткөнүн жана аларды коштоп Коргоо министрлигинен жетекчилер барышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Парламенттеги айрым эл өкүлдөрү кыргыз аскерлери коргоого алган имараттарга чабуул жасалган учурда курал колдонулуп, чыр чыгып кетиши мүмкүндүгүнө тынчсызданып жатышат. Алар мындай окуялар эки коңшу элдин ынтымагына доо кетирбейби деп чочулоодо.

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап жатат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барат. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга "тынчтык орнотуу күчтөрүн" жөнөткөнү маалым болду.

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2,5 миңдей аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” маалымат агенттигине билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG