Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Парламент кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселесин жабык кароого өттү


Парламент жыйыны.
Парламент жыйыны.

Жогорку Кеңеш Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин жабык кароого өттү. Ачык башталган жыйында айрым депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүдө жоопкерчилик маселесин көтөрүштү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселеде депуттарды пиар жасабоого чакырды. Жыйынтыгында депутаттар жыйында ар кандай сөздөр айтылаарын жүйө кылып, жабык өткөрүүнү колдошту.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барат. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга "тынчтык орнотуу күчтөрүн" жөнөткөнү маалым болду.

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2,5 миңдей аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” маалымат агенттигине билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG