Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

Казак президенти Токаев Маңгыстауда газ арзандай турганын билдирди


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча билдирүү жасап, аларды “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” чакырды. Ал бул тууралуу пикирин 4-январда “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Токаев “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” билдирди. Президент “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Маңгыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууга барарын” да айтты.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн кетишин жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетип жатат. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды. Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, кайра бошотулду. Нур-Султан шаарында полиция кызматкерлери "Азаттыктын" редактору Дархан Омирбек автоунаага салып алып кетишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG