Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Tesla компаниясы Шинжаңда көргөзмө залын ачкандан кийин сынга кабылды


Tesla компаниясынын жетекчиси Илон Маск.
Tesla компаниясынын жетекчиси Илон Маск.

Америкалык электромобилдерди өндүргөн Tesla компаниясы Кытайдын уйгур тектүү жарандары куугунтукка алынып жаткан Шинжаң районунда көргөзмө залын ачкандан кийин АКШда сынга кабылды.

Миллиардер Илон Маск жетектеген Tesla жаңы жылдын алдында Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Үрүмчү шаарында өзүнүн көргөзмө залын ачканын маалымдаган. Бул АКШ президенти Жо Байден Шинжаң Уйгур автоном облусунан товар импорттоого тыюу салган мыйзамга кол койгондон бир аптадан кийин болуп жатат.

Кошмо Штаттары, айрым батыш мамлекеттери жана башка укук коргоо уюмдары Кытайды уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына каршы геноцид кылып жатат жатат деп айыптап келет. Алар Бээжинди Шинжаңда жапырт кысмакка алуу, мажбурлап иштетүү, калкты көзөмөлдөө жана азчылыктардын диний-маданий өзгөчөлүктөрүн жок кылуу менен ишке ашырып жатат деп эсептейт.

Кытайдын бийлиги бул айыптоолорду төгүндөп, ислам экстремизми менен күрөшүү боюнча “кайра тарбиялоо лагерлерине” адамдар өз эрки менен гана келерин маалымдап келет.

АКШдагы соңку мыйзамды демилгелеген республикачы-сенатор Марко Рубио “Твиттерде” 3-январда “Геноцид менен кулдук эмгекти жашырып жаткан Кытайдын Коммунисттик партиясына мамлекеттик эмес корпорациялар жардам берип жатат”,-деп жазды.

Америка-ислам мамилелери боюнча кеңеш Tesla компаниясын көргөзмө залын жабууга жана “геноцидди экономикалык жактан колдоого тете аракеттерди токтотууга” чакырган. АКШнын өндүрүштүк уюму болсо “Шинжаңда бизнес кылган бардык ишкана, андагы геноциддин шериктеши болуп саналат” деп жарыялады. Tesla жагдайга комментарий бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG