Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

Эсенгулов: тыюу салынган телеканалдар мыйзамды сактаса кайра көрсөтүлөт


Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов эфирге чыгууга тыюу салынган телеканалдар жөнүндө түшүндүрмө таратты. Ал билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.

Анын айтымында, телеканалдарды текшерүү иштеринин жыйынтыгында, мыйзам бузгандарга 2022-жылдын 20-мартына чейин эфирге чыгуу токтотулган. Алар бардык шартты аткарган учурда кайра уруксат берүү каралган.

“Белгилүү болгондой, документ сот чечиминин же арыздын негизинде гана жокко чыгарылат. Мындан улам "Маданият министрлиги телеканалдарды өчүрүп жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Биз болгону телеканалдардын уруксаттарын убактылуу токтоттук. Мыйзам бузуулар жоюлса, аларга кайрадан эфирге чыгууга уруксат берилет”, - деп жазды министрдин орун басары.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “РЕН ТВ телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чыгууну токтотот” деп кабарлаган.

Мекеме мындан сырткары мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эрежелерди сактабагандыгы үчүн "8-канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдарын аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга тыюу салган.

Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын маалымат кызматы Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай кабарлама албаганын билдирип, телеканал жергиликтүү мыйзамдарды сактап келгенин билдирген.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 60тан ашуун менчик теле-радио бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG