Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Момбеков Биринчи Май округунан депутаттыкка талапкерлигин койду


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Парламенттин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин Биринчи Май райондук шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендер көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

Эки округдан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 15ке жетти.

Рыскелди Момбеков 2010-жылы бийликке келген убактылуу өкмөттүн учурунда маданият министринин милдетин аткаруучу, 2011-2012-жылдары болсо президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеп, 2012-жылдан 2014-жылга чейин "Учкун" басмаканасын башкарган.

2015-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясы менен барган. Партия босого чектен өтпөй калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG