Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Францияда коронавирустун жаңы штаммы табылды


Франциянын борбору Париждин көчөсүндө тартылган сүрөт. Иллюстрация.
Франциянын борбору Париждин көчөсүндө тартылган сүрөт. Иллюстрация.

Франциянын Марсел шаарындагы инфекциялык оорулар борборунун окумуштуулары коронавирустун жаңы штаммын тапканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Ал канчалык жугуштуу жана кооптуу экени азырынча белгисиз.

Жаңы вариант Камерундан келген кишиден табылган. Баштапкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, анда 46 мутация аныкталган.

Францияда инфекция жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 200 миңден ашууда. Бул өлкөдө вирустун "омикрон" түрү үстөмдүк кылууда. Бийлик жаңы чараларды көрүп, парламент кино, ресторанга баруу же сапарга чыгуу үчүн эмдөө сертификатын көргөзүү зарыл деген мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Депутаттар антиваксерлерден коркуткан, акаарат келтирген каттарды алып жатканын айтып чыгышты.

Коронавирус АКШда, Бразилияда, жана Канадада күчөп жатканы кабарланууда.

Ушул күнгө чейин коронавирустун "альфа", "бета", "гамма", "дельта" жана "омикрон" штаммдары белгилүү болгон. Соңку кезде "омикрон" кескин түрдө жайылып жатат. (AA\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG