Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Жаңы-Өзөндөгү акцияны колдоп чыккан активисттер 15 күнгө камалды


Алматынын Республика аянты. 3-январь, 2022-жыл.
Алматынын Республика аянты. 3-январь, 2022-жыл.

Алматыда бир нече активист “тынч жыйындарды өткөрүүнүн тартибин бузган” деген айып менен 15 суткага камакка алынды.

3-январда активист Сүйүндүк Алдабергенов “Азаттыкка” акын жана диссидент Арон Атабектин кыркылыгына чогулуп, кафеден чыккан учурда 20дай адамды атайын күчтөр кармап кеткени кабарлаган эле.

Каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын активисти Айгерим Тлеужан, Муратбек Есенгазы менен Калас Нурпейисов 15 суткага камакка алынган.

Нурпеисовго карата чыккан сот өкүмүндө “уруксат берилбеген акцияга” катышканы белгиленип, ал “Дулати көчөсү менен Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды колдогон ураандарды көтөрүп, плакаттар менен жүрүш кылган топтун мүчөсү болгону” көрсөтүлөт.

Ал эми Тлеужанга 28-декабрда Алматыда 13 активистти колдоо боюнча (ошол күнү шаардык сот тарабынан апелляциялык арызы каралып, четке кагылган) “мыйзамсыз митингге” катышкан деген кине коюлган.

Күбөлөрдүн айтымында, дүйшөмбү күнү кармалгандардын арасында активисттер Алмат Жумагулов менен Даулет Абилкасымов да бар. Мындан тышкары дагы бир нече активисттер: Тимур Токсеитов, Гаури Кулиманова, Мурат Оспанов, Бесжан Толеубекулы, Галымжан Несипбаев жана Алина Барменкул административдик жазага тартылган. Алар боюнча соттун чечимдери азырынча жарыялана элек.

Соңку күндөрү оппозициялык топтор социалдык тармактарда өз тарапкерлерин “Жаңы-Өзөндүн тургундарын колдоп, митингине чыгууга” үндөп жатышат. Жаңы-Өзөн шаарында жана Мангыстау облусунун бир катар айылдарында 2-январдан бери жүздөгөн тургундар суюлтулган газдын кымбатташына каршы акция өткөрүшкөн. Бул аймакта көпчүлүк автоунаалар суюлтулган газ менен жүрөт. Жаңы жылдын 1-январынан тарта анын 1 литринин баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG