Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Бир айда “Тазалыктын” үчүнчү жумушчусу иш учурунда мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жол кырсыгынан “Тазалык” ишканасынын дагы бир жумушчусу мерт болду. Окуя бүгүн 4-январда эртең менен Шабдан баатыр көчөсүндө, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жанында болгонун “Азаттык” радиосуна Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди:

“Азыркы учурда автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочу Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына жеткирилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат”.

Милициянын маалыматына караганда, 41 жаштагы айдоочу "Тойота" машинасы менен Шабдан баатыр көчөсүндө батыш тарапты көздөй бара жатып, 35 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Ал адам “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчусу экени аныкталды.

Ушуну менен соңку бир айда Бишкекте “Тазалыктын” жумуш учурунда машина сүзүп каза болгон кызматкерлеринин саны үчкө жетти.

18-декабрда мас айдоочунун айынан көчө шыпырып жаткан 41 жаштагы жумушчу көз жумган, 12-декабрда 47 жаштагы жумушчунун өмүрү кыйылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG