Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

"Центерра" сүйлөшүү боюнча өз шарттарын жарыялады


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Канадалык “Центерра” компаниясы 3-январда кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялады. Алар:

- Компания “Кыргызалтын” ишканасына таандык "Центерранын” 26,1% акциясын алат. Өткөрүп алгандан кийин "Центерра" компаниясы акцияны жокко чыгарат.

- Кыргызстан өлкөдөгү компаниянын эки туунду ишканасын жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

- 2021-жылы "Центерра" кенди камакка алуудан улам “Кыргызалтын” ишканасына төлөбөй калган дивиденддин үч суммасын төлөп берүү жана башка каржылык маселелердин ордун толтуруу.

- "Центерра" компаниясындагы Директорлор кеңешиндеги “Кыргызалтындын” эки талапкеринин отставкасы.

- Эки тарап бардык доолорду биротоло алуу жана бардык соттук териштирүүлөрдү эч кандай юридикалык жоопкерчиликсиз токтотуу.

"Центерра" компаниясы өз билдирүүсүндө Кыргызстан менен сүйлөшүү уланып жатканын белгилеген. "Центерранын" толук билдирүүсүн бул жактан окуңуз.

Азырынча кыргыз бийлиги канадалык компаниянын талаптары камтылган билдирүүсүнө жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда канадалык "Центерра Голд"компаниясы менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

“Кенге сапардын жүрүшүндө канадалык "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүү жараянында жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр голд” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган. "Центерра" менен сот эл аралык арбитражда уланууда. Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатканы белгилүү болгон. Талкуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун “Кумтөр Голд” ишканасынан кабарлашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG