Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Байден Орусия Украинага басып кирсе, чечкиндүү жооп кайтарыларын айтты


АКШнын президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-январда телефондон сүйлөштү. Анда Байден Орусия Украинага бастырып кирсе чечкиндүү жооп кайтарыла турганын айткан.

«Президент Байден АКШ өнөктөштөрү менен бирге Орусия Украинага басып кирсе, чечкиндүү жооп берерин ачык түшүндүрдү»,-деп айтылат Ак Үйдүн расмий өкүлү Жен Псакинин билдирүүсүндө.

Байден менен Зеленский украин-орус чек арасындагы абалды дипломатиялык аракеттер менен жөнгө салууну колдой турганын билдиришкен. АКШ президенти бул маселе боюнча Вашингтон Киевди кабардар кылбай туруп чечим кабыл албасын убада кылган.

Буга чейин Жо Байден менен Владимир Путин 30-декабрда телефондон сүйлөшкөн эле. Анда Байден АКШ жана анын өнөктөштөрү Орусия Украинага басып кирсе, ага каршы катаал санкцияларды киргизе турганын белгилеген.

Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскерин топтогон.

Москва НАТОдон Украинага жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдү уюмга мүчө кылуудан баш тартууну жана Чыгыш Европага аскер күчтөрүн жайгаштырууну токтотууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG