Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Түркмөн чек арачылары талиб жоочулары менен кагылышты


 “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын жоочулары. Иллюстрациялык сүрөт.
“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын жоочулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстан менен Түркмөнстандын чек арасында “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын жоочулары менен түркмөн чек арачылары атышып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясындагы 3-январдагы кагылышуунун башка жагдайлары тууралуу маалыматтар кенен жарыяланган жок.

Провинция полициясынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Хелал Балхи Hasht-e Subh ооган сайтына маалымдагандай, түркмөн чек арачылары үч күн мурда жергиликтүү жайкын тургунду атып салышкан. Алардын огунан дагы үч киши жаракат алган.

“Талибандын” күчтөрү 3-январь күнү “фактыны иликтөө үчүн окуя болгон жерге барган учурда түркмөн чек арачыларынын ок атуусуна кабылган”,-деген анда Балхи. Натыйжада “Талибандын” жоочулары да ок чыгарышкан. Курмандыктар жөнүндө маалымат жок.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири саналган Түркмөнстандын бийликтери окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Былтыр декабрда “Талибандын” күчтөрү чек ара маселелерине байланыштуу Ирандын жана Пакистандын аскерлери менен кагылышууга барганы маалым.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы 2020-жылдын 15-августта Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG