Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Милиция "Араванда мал уурдаган өзбек жараны сабалды" деген видео боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук милициясы интернетте “Төө-Моюнда Өзбекстанга мал уурдап саткан адам кармалып, өз алдынча сот уюштурулду” деп тарап жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен кармалган өзбек жараны азыр кыргыз тарапта камакта отурат, ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милициянын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 4-январда “Азаттыкка” билдиргендей, Араван райондук ички иштер башкармалыгында өзбек жаранына карата “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду, кармалган адам ур-токмокко алынбаганын, денесиндеги жарааттарды жыгылган учурда алганын айтууда:

“Өзбекстандын Фергана облусунун 38 жаштагы тургуну И.У. денесинен алган жарааты тууралуу 3-январда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурда кыргызстандык чек арачылардан караңгыда качып баратып жардан жыгылып түшкөнүн, аны эч ким урбаганын айтып берди жана арыз жазуудан баш тартты”.

Чуулгандуу видео бүгүн социалдык түйүндөрдө тарап, талкуу жаратып жатат. Андан бети-башы канжалаган, устунга байланып турган адамдын тегерегинде топтолгондорду көрүүгө жана “Мал туткан адам кармалды” деген сөздөрдү угууга болот.

Милициянын маалыматына караганда, окуя Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында, коңшу Өзбекстан менен чектешкен жерде, 3-январда болгон.

Кыргызстандык чек арачылар өзбек тараптан үч жаран келе жатканын байкап калып, бөгөт коюу аракетин көргөндө алар кача баштаган. Экөө кайра артка качып кетүүгө үлгүргөн, бирөө жардан секирип, жыгылып түшкөн жана аны кармаганда бети-башы кан болуп, денесинен жараат алганы жөнүндө акт түзүлгөн. Ошол тегеректе түнкү күзөттө турган жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери чек арачыларга жардамга жетип барышкан.

4-январда Керкидан айылынын 59 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 17-декабрда короосунан төрт баш малын уурдатканы тууралуу арыз жазды.

Учурда бул окуяга кармалган өзбек жаранынын тиешеси бар-жогу такталып жатканы маалымдалды.

Өзбекстандын расмий органдары окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG