Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

АКШ Конгрессинде коронавируска чалдыккандар көбөйдү


АКШ Конгрессинин имараты
АКШ Конгрессинин имараты

Жабык турган мектептер, рейске чыкпай калган саякат кемелери, улам-улам жылдырылган авиа каттамдар. Жылдын алгачкы жумасы коронавирустун жайылышынан улам ушундай чектөөлөр менен башталды.

АКШ Конгрессинде депутаттардын, кызматкерлердин 13% COVID-19 аныкталганы кабарланды. Ал эми Францияда коронавирустун жаңы штаммы табылды.

Канаданын эң көп калктуу Онтарио провинциясынын премьери Даг Форд инфекциялангандар рекорддук көрсөткүчкө жеткенин айтып, мектептер жабылып, кайрадан онлайн окутууга өтөөрүн 3-январда билдирди. Дүкөндөр жарым-жартылай иштейт, бештен көп кишинин жабык жайларда чогулуусуна тыюу салынды.

Дүйнө жүзү боюнча сегизинчи күн катары менен 5 миңдей авиакаттам аткарылбай калды. Маалыматтарга караганда, аэропорт, аба трафигин тейлеген кызматкерлер арасында COVID-19га кабылгандар көп болууда.

Нью-Йорк шаарынын аэропорту. 24-декабрь 2021-жыл.
Нью-Йорк шаарынын аэропорту. 24-декабрь 2021-жыл.

Бразилиянын Улуттук саламаттык сактоо агенттиги саякаттоочулар арасында COVID-19дун учурлары көбөйгөнүн, 9 күндүн ичинде эле 800 киши вирусту жугузуп алганын билдиргенден кийин 21-январга чейин круиздик кемелер өз ишин убактылуу токтотту. Өкмөт ошондой эле илдетке байланышкан протоколдорду бузуу фактыларын иликтөөгө киришти.

Омикрон биринчи болуп аныкталган Африканын түштүгүндөгү Ботсвананын президенти вируска чалдыкканы белгилүү болду. Өкмөт мамлекет башчы аралыктан иштөөгө өткөнүн, оорунун белгилери байкалбаганын билдирди.

Кытайда коммунисттик партиянын дагы эки жергиликтүү жетекчиси вирустун жайылышын ооздуктоодо “жетиштүү катаал чара” көрө албагандыгы үчүн жумуштан алынды. Өткөн айда он чакты расмий адам ушундай эле негиз менен жазаланган.

АКШда омикрон жайылып жатат

Коронавирустун омикрон штаммы АКШда да тарап жатат. Конгрессте иштеген кызматкерлер өткөн жумада тест тапшырганда, 13 пайызында COVID-19 аныкталды. Андан мурунку жумада инфекциялангандар 1% болчу. Конгресстин дарыгери Брайан Мойнихен мыйзам чыгаруучуларга жолдогон катында жүздөгөн кызматкер вируска чалдыкканын маалымдап, парламент жетекчилерин онлайн ишти уюштурууга чакырды. Дарыгердин баамында, мындай кырдаал буга чейин болуп көргөн эмес. Инфекциялангандардын үчтөн эки бөлүгү омикрон вариантын жугузуп алган, 35 пайызында илдеттин симптомдору байкалбайт.

АКШ Конгрессиндеги угуулар. Иллюстрациялык сүрөт
АКШ Конгрессиндеги угуулар. Иллюстрациялык сүрөт

Мойнихен вирусту жугузуп алгандардын көбү эмделген жана бустер же үчүнчү дозаны сайдырганын белгиледи. Анын айтымында, вакцина алгандар ооруканага түшкөн же көз жумган учурлар катталган жок.

Конгресстин медициналык борборунда мыйзам чыгаруучулар, аппарат кызматкерлери жана Капитолийде аккредитацияланган журналисттер COVID-19га анализ тапшырып турат. Соңку күндөрдө бир нече эл өкүлү, арасында демократ-сенатор Элизабет Уоррен илдетке чалдыкканын билдиришкен.

Конгресстин имаратында маска тагынып жүрүүнүн бирдиктүү эрежеси жок. Өкүлдөр палатасында жыйындар залында беткапсыз жүргөндөр 2,5 миң доллар айып пулга жыгылышы мүмкүн. Сенатта маска кийүү милдеттүү эмес.

Кошмо Штаттарда ушу тапта күнүнө COVID-19га кабылган 400 миңдей киши аныкталып келатат. Адистер омикрон өтө жугуштуу болгондуктан, бул сан өсүшү ыктамал деп эскертишет.

Ал тапта Франциянын Марсел шаарындагы инфекциялык оорулар борборунун окумуштуулары коронавирустун жаңы штаммын тапканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Ал канчалык жугуштуу жана кооптуу экени азырынча белгисиз. Жаңы вариант Камерундан келген кишиден табылган.

Кольмар шаарынагы оорукана. 15-декабрь 2021-жыл
Кольмар шаарынагы оорукана. 15-декабрь 2021-жыл

Францияда инфекциялангандардын күнүмдүк көрсөткүчү 200 миңден ашууда. Бул өлкөдө да омикрон түрү үстөмдүк кылууда. Бийлик жаңы чараларды көрүп, парламент кино, ресторанга баруу же сапарга чыгуу үчүн эмдөө сертификатын көргөзүү зарыл деген мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Депутаттар антиваксерлерден коркуткан, акаарат келтирген каттарды алып жатышканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG