Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

"Пандемияда ишканалардын 10% жабылып калды" 


Жоодар Омошев

ЖИА бизнес-ассоциациясы мамлекеттин экономикалык реформалары толук кандуу жасалбай, ишкерлерге оорчулук келтирип жатканын билдирди. Мындан улам, өлкөнүн инвестициялык климаты начарлап, инвесторлорду чочутаары айтылууда. Уюмдун төрагасы Жоодар Омошев "Азаттыкка" маек курду.

- Саламатсызбы, Жоодар мырза. Быйыл Кыргызстанда ишкердик үчүн түйшүктүү жыл болду деген маалыматтар көп айтылып атат. Ишкерлер тобокелдиктер, кооптонуулар көп болгонун айтышууда. Сиздин байкооңузда быйылкы жылды кыргызстандык ишкерлер кандай өткөрдү?

- Бизге окшогон үчүнчү өлкөлөрдө бизнес үчүн тобокелдик болот, дегеле жашоо өзү тобокелдик. Азыр бизнес аябай оор абалда. 2020-жылы пандемия болду. Эл аралык эксперттер пандемиядан чыгуу жараяны 2-3 жылга созулат деп айтышкан. Алардын айтканы болуп жатат. Анткени пандемия бүттү деп айта албайбыз, улам жаңы түрлөрү чыгып атат. Мындан ары кандай болот, билбейбиз. Дегеле, пандемиядан улам дүйнө боюнча бир топ маселе жаралды. Анын кесепети бизге да тийип жатат. Жол каттамдары, жүк ташуудагы кыйынчылыктар, алардын бир кыйла кымбаттаганы бизге түздөн-түз таасир берүүдө. Пандемия убагында биз мамлекеттен кандайдыр бир жардам ала алган жокпуз. Болгону ошол учурдагы салыктарды, жаңылбасам, 2021-жылдын март-апрелине чейин төлөбөй турсаңар болот деп айтылган.

Бирок өткөн жылдын салыктарын төлөдүк. Канча кишини иштетип атсак, ошончо кишиден социалдык төлөм алынды. Тилекке каршы, чет элден күтүп аткан насыялар, менин оюмча, толук келген жок. Өзүңүздөр билесиздер, былтыр 400 млн. долларга жакын акча келет деген болчу. Бирок, кабарларды карасаңыздар, болжол менен 80 млн. долларга жакын эле акча таратылды деп айтылды. Ал дагы аймактарда айыл-чарбасына жана туризм багытына эле арзан пайыз менен берилди. Кыргызстанда бизнес бул эки тармактан эле турбайт да. Алардан башкалары эч кандай жардам ала алган жок. Мурда кандай кыйналып келе жаткан болсо, ошондой эле кыйналып келе жатат.

- Мындай жагдайда ишкерлер кандай иштеп жатышат? Алардын шартка ыңгайлашуусу кандай жүрүүдө?

- Кээ бирлер “өлкөбүз жыргап атса бир жөн, ишкерлерге көмөк бермек” деп айтышы мүмкүн. Ооба, түшүнүп атабыз, өлкөбүздүн абалы ушул. Былтыр пандемия аз келгенсип, октябрь окуялары болуп кетти. Иши кылып, өлкөбүздө күтүүсүз окуялар көп болду. Кандай болгондо дагы өлкөбүз ушул жер экен, ушул жерде өнүгүп-өскүбүз келет. Өлкөбүз эми гана өзүнө келип жаткан кез. Бирок, ушуну күтпөй эле айрым тааныш ишкерлер акчаларын толугу менен же бир бөлүгүн чет өлкөдөгү экономикасы туруктуу болгон, ачык-айкын, алдын-ала божомол кыла ала турган өлкөлөргө чыгарып кетишти. Биздин жүргүзгөн сурамжылообуз боюнча, 2020-жылы пандемия башталгандан быйылкы жай мезгилине чейин 10% ишканалар жабылды. Алардын көбүнө, албетте, COVID-19 пандемиясы таасир берди.

- Жүрүп жаткан экономикалык реформалар, жаңы мыйзамдар ишкерлердин ишин жеңилдетеби же тескерисинчеби?

- Азыр жаңы салык кодекси каралып жатат, үчүнчү окуудан өттү. Эми президент кол коюп жарыялайт же кайра артка кайтарат. Ал жерде айрым жеңилдиктер менен катар эле оорчулуктар да бар. Муну жакшы-жаман деп айта албайм. Кол коюлуп, иштеп баштаганда иш жүзүндө өзүн кандай көрсөтөт, ошондо гана бир нерсе айта алабыз. Бирок, кандай болгондо дагы, мурунку каржы полициясынын айрым ыйгарым укуктарын салык кызматына берип жатышат. Реформа болгондо кадр реформасы да кошо жүрүшү керек эле. Мен азырынча кадр реформасын көрө элекмин. Бизнестин тилин түшүнгөн, бизнестин призмасынан карай ала турган мамлекеттик кадрлар керек. Бизнес менен иштей турган бардык органдар бизнестин да абалын түшүнө ала тургандай болушу керек. Болбосо алар дагы, бизнес дагы өзүнүкүн түртүп тура берет.

2021-жыл аябай оор жыл болду. Мен жеке ишкермин, менин эки фирмам бар. Карыздарыбыз толтура. Кудайга шүгүр, салыктан карызыбыз жок, бирок биз дагы бирөөлөрдөн карыз алып ишкердик кылабыз. Карыздар доллар же башка чет элдик валюта менен берилиши мүмкүн. Азыр кээ бир мамлекеттерде доллар аябай кымбаттап кетти. Негизи доллар көтөрүлбөйт, ошол өлкөнүн акчасынын баркы төмөндөйт десек да туура болот. Кыргызстан импортко көз каранды өлкө, товарлардын 80% импорттолот. Алардын баары доллар же евро менен келет. Ошондуктан, азыр алдын-ала божомол жасоо аябай оор.

Келе жаткан жыл 2021-жылга караганда жакшы болот деген үмүттөбүз. Бирок божомолдор андай эмес, 2022-жыл деле быйылкыдай оор болоорун көрсөтүүдө. Балким, 2023-жылдын жарымынан ары карай бир аз көтөрүлүү болушу мүмкүн.

- Быйыл коронавируска байланыштуу 10%дай ишканалар жабылып калды деп атасыз. Бизнесин, капиталын чыгарып кетип жаткандар болууда деп да айттыңыз. Жергиликтүү ишкерлердин жабылып калган ишканасы же чет элге чыгып кеткен тенденциясы кандай болууда?

- Жабылып калган ишканаларга пандемия таасир бериши мүмкүн. Бирок, баарына эле таасир берди дегенден алысмын. Себеби баары эле ошондон улам жабылып калган жок да. Түздөн-түз болбосо да, сөзсүз кыйыр таасир берди. Коронавирус фирмалардын оор, кудуретсиз абалга кептелишине түрткү берген себептерге таасир берди десем туура болот. Акчасын чыгарып кете беришет. Акча кайсы жерде өзүн ыңгайлуу сезсе, ошол жакка суудай агылат. Суу кайсы жерде жакшы агым тапса, ошону менен кете берет эмеспи. Акча деле ошондой, айлантуусу жакшы жүргөн, жасап аткан жумушунун рентабелдүүлүгү жогору болгон жактарга кете берет. Бул нормалдуу көрүнүш. Негизи кичинекей өлкөлөргө чоң инвесторлор келбейт, бул турмушта көрүнгөн нерсе.

Эмне үчүн Орто Азияга келип аткан инвесторлор Кыргызстанга же Тажикстанга келбейт? Биринчиден, биздин мыйзамдарыбыз канчалык либералдуу болбосун, алдын-ала көрө билүү, туруктуулук жоктугунан келбейт. Экинчиден, бизде инфратүзүм жана мамлекеттин колдоосу Өзбекстан менен Казакстанга караганда бир топ төмөн. Үчүнчүдөн, сот реформасы.

Мында адамдар өзүнүн укугун коргой алабы, ишкерлер мүлкүн тарттырып жиберем деп коркпойбу деген маселелер бар. Улутташтыруу же рейдердик басып алуулар сыяктуу окуялар бизде көп орун алгандыктан инвесторлор бизге көп келбейт. Алар өзүн-өзү жакшы коргой ала турган сот реформасы, укуктук системасы жакшы иштеген жактарга барышат.

- Бизден чыгып кетип же бизнесин башка жакка которуп жаткан ишкерлер негизинен кайсы өлкөлөргө кетип атышат?

- Алар негизинен Америкага, Польша, Украина, Латвия, Литва сыяктуу Чыгыш Европа өлкөлөрүнө аракет кылып атышат. Анткени, бизнестеги башкаруусу бизге бир аз жакыныраак, мамлекети бизнеске лоялдуу караганы үчүн ошол жактарга чыкканга аракет кылышат. Кайсы тармак десеңиз – эл аралык жүк ташуучу компаниялар, текстил тармагы, чакан өндүрүш компаниялары жана соода компаниялары бар.

- Божомолдорубуз анча жакшы эмес дедиңиз, ошолорго таасир берген коронавирустан тышкары дагы кандай тобокелдиктер бар?

- Бизде сот реформасы, жаңы келип жаткан инвесторлорго инфратүзүм, салык жагынан кандай жеңилдиктер берилет деген маселе бар. “Каз келе турган жерде тоокту аябаш керек” деген сөз бар. Чоң нерсе күтүп атсаң, майда-барат нерседен колду чыгарыш керек. Майда-барат салыктарды жоюп, жерлерди трансформациялоону жеңилдетүү кажет. Сотто бардык эле нерселерди өкмөттүн кызыкчылыгына чече бербеш керек.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG