Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Канада соту Иранда кыйраган учакта каза болгондордун куну боюнча өкүм чыгарды


Иранда кулаган “Боинг” учагынын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.
Иранда кулаган “Боинг” учагынын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.

Канаданын соту эки жыл мурда Иранда атып түшүрүлгөн “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясынын учагында каза болгон алты адамдын жакындарына 84 миллион доллар компенсация төлөтүү тууралуу чечим чыгарды.

“Боинг” учагы 2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге учуп чыккандан көп өтпөй кыйрап түшкөн. Бортто Украинанын, Канаданын, Британиянын, Ооганстандын жана Ирандын жарандары болгон. Жалпы 176 адам каза болгон, алардын 130у Канаданын жарандары.

Соттун 3-январда жарыяланган чечиминде аты аталган жарандар Ирандын бийлигине жана башка расмий адамдарына каршы жарандык арыз беришкен. Жараянга Ирандын өкүлдөрү башынан эле катышпай койгон.

Жабырлануучулардын адвокатынын билдирүүсүндө маалымдалгандай, алардын командасы компенсацияны өндүрүү үчүн ирандык активдерди, анын ичинде мунай танкерлерин камакка алдыртуу максатын көздөп жатышат.

Былтыр майда ушул эле Канаданын соту коммерциялык учак "атайлап жок кылынган, террордук акт" деп тапкан. Иран ал өкүмдү “уят иш” деп баалаган.

Ирандын бийлиги учакты атып түшүргөнүн алгач моюнуна албай жатып, төрт күндөн кийин гана бул кокустук болгонун билдирген. Окуя ирандык генерал Касем Сулейманинин АКШнын аба соккусунан мерт болгонуна байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турган учурда болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG