Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Беш держава өзөктүк согушка каршы билдирүү таратышты


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү – АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Британия өзөктүк согуштун алдын алуу жана жарыша куралданууга жол бербөө жөнүндө биргелешкен билдирүү менен чыгышты. Анын тексти өлкө бийликтеринин негизги сайттарында жарыяланды.

Билдирүү Украинанын тегерегинде кырдаал курчуган учурда таратылып жатат. Батыш мамлекеттери Орусия бул өлкөгө кеңири масштабдуу чабуул жасоого даярданып жатат деп эсептейт. Москва аны төгүнгө чыгарат, ошол эле убакта чыңалуунун фонунда Орусиянын “коопсуздугун камсыздоо боюнча кепилдиктерди” талап кылып жатат.

Дүйшөмбүдө жарыяланган биргелешкен кайрылууда алар “өзөктүк арсеналга ээ болгон мамлекеттер катары мамлекеттер ортосунда өзөктүк курал колдонулган согушка жол бербөө жана келечекте ошондой тобокелчиликти алдын алуу өздөрүнүн жоопкерчилиги экенин” белгилешкен. Ошондой эле куралсыздануу жөнүндөгү советтик-америкалык сүйлөшүүлөр мезгилиндеги “өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт жана ал эч качан башталбашы керек” деген кеп кайталанган. Тараптар бул боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын маанисин да кошумчалашкан.

“Биз биздин өзөктүк куралдарыбыз бири-бирибизге жана башка да мамлекеттерге багытталбаганын, мурдагы жарыялаган билдирүүлөрүбүз дагы деле күчүндө экенин маалымдайбыз”,-деп айтылат документте.

30-декабрда АКШ менен Орусиянын президенттери Жо Байден менен Владимир Путиндин телефондук сүйлөшүүсүндө өзөктүк согушка жол бербөө тууралуу чакырык бир нече жолу жаңырганын орус лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков медиаларга билдирген.

Орусия талап кылып жаткан “коопсуздук кепилдигинде” Украинаны НАТОнун курамына киргизбөө маселеси бар. Путин муну эгер америкалык ракеталар Украинанын аймагына жайгашса, алардын Москвага учуу мөөнөтү 5-7 мүнөттү гана түзүп калары менен түшүндүргөн. АКШ Украинанын аймагында ракеталарды жайгаштыруу ниети бардыгын буга чейин эч жерде жарыялаган эмес.

Путин Орусияда куралдануунун, анын ичинде өзөктүк арсеналды колдонуунун жаңы системалары иштелип жатканын же ушу кезге чейин иштелип бүткөнүн буга чейин бир нече жолу билдирген. Анын сөзүнө караганда, мында Орусия АКШнын ашып өтө турган гипердобуштук ракеталары тууралуу кеп болуп жатат.

Аталган беш өлкөдөн сырткары дүйнөдө Индия, Пакистан жана Түндүк Корея өзөктүк куралга расмий түрдө ээлик кылат. Мындан сырткары Израилде да бар деп эсептелет. Батыш өлкөлөрү атайын программасынын алкагында Иран да бир нече жылдан өзөктүк курал жасоону максат кылып жатат деп айыптап келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG