Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

"Асман" шаарчасын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп Тимур Файзиев дайындалды


Тимур Файзиев.
Тимур Файзиев.

Ишкер Тимур Файзиев Ысык-Көл облусундагы “Асман экологиялык таза шаарчасын” куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун 4-январда “Азаттык” радиосуна президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган Тимур Файзиев дирекцияга жетекчи болгонун 3-январда "Инстаграмдагы" баракчасы аркылуу жарыялаган.

"Асманды" куруу боюнча мамлекеттик дирекция 2021-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Ошол жылдын 6-июнунда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп турган Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөргөн жана анда "Асман" деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташкан шаар куруу долбоору жарыяланган. 29-декабрда Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген Равшанбек Сабиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып "Асман" боюнча Франциядан инвесторлор менен сүйлөшүү аяктаганын жана март айында курулушу башталарын билдирген.

2021-жылы 28-майда Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган. 7-июлда Файзиевди сырттан камакка алуу чечими өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камалган эмес.

"Элит Хаустун" жетекчиси кызматынан кеткенин Файзиев 2021-жылы августта жарыялаган. (RK/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG