Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Түркияда азык-түлүктөр кескин кымбаттады


Түркиядагы базарлардын бири.
Түркиядагы базарлардын бири.

Түркияда инфляциянын деңгээли дээрлик 20 жылдан берки эң жогорку чекке жетти. Өлкөнүн Статистика институтунун 3-январдагы маалыматына ылайык, декабрда эл керектөөчү товарлардын баалары андан мурунку жыл менен салыштырганда 36,1% өстү. Талдоочулар бул көрсөткүч 27% болот деп күтүшкөн.

Мындай жогорку инфляцияга 2002-жылдын сентябрында, президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясы бийликке келерине эки ай калганда туш болгон.

Эрдоган жана консервативдүү АК партиясы 2001-жылкы финансылык кризистен кийин Түркияда өнүгүү болуп, ийгиликке жетишкен. Бирок акыркы финансылык олку-солку экономикалык жетишкендиктерге көлөкө түшүрдү.

Инфляция азык-түлүктүн, транспорттун, электр жарыгынын жана башка эң керектүү товарлардын кымбатташына алып келди.

Түрк лидери баалардын өсүшүнө карабай, борбордук банктан үстөк пайызды төмөндөтүүнү талап кылды. Былтыр улуттук валюта – түрк лирасынын куну 44% арзандаган.

Азыркы экономикалык кырдаал борборазиялык мигранттарга да катуу таасир этти.

Андан тышкары инфляция саясий маселеге да айланды. Оппозиция лидерлери 2023-жылы күтүлүп жаткан шайлоо алдында аны курал катары пайдаланып жатканы айтылууда. (AA\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG