Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

"Каракол" паркы: Коттеж шаарча курууга уруксат жок


Коттеж шаарча тууралуу жарнама илинген жер. 2022-жылдын 4-январы.
Коттеж шаарча тууралуу жарнама илинген жер. 2022-жылдын 4-январы.

Ысык-Көлдөгү “Каракол” тоо-лыжа базасында шаарча курууга уруксат берилген эмес, ал жерде бир да карагай кыйылган жок. Бул тууралуу 4-январда “Азаттык” радиосуна “Каракол” жаратылыш паркынын директору Туратбек Муратбек уулу билдирди.

Анын айтымында, лыжа базасын иштеткен компания жерди парктан ижара алган, ал эми коттеж шаарчасын курарын жарнама кылгандар ошол компания менен макулдашканы белгилүү болду:

“Жеке башка бирөөлөр лыжа базасынан жерди пайдалануу укугун алышыптыр коттеж салалы деп. Курулушка эч кандай уруксат жок. Эч кандай иш башталган эмес. Булар жөн эле долбоор экен. Ошону эле жарнама кылып жатышат”.

"Каракол" паркында шаарча курулары, андагы салына турган коттеждерге сатык башталганы "Инстаграмдагы" Karakol White Hills баракчасына жарыяланган. Бул маалымат социалдык түйүндөргө тарап, парктагы карагайлар кыйыларына тынчсыздануу жаралган.

Каракол паркы 38 миң гектардай жерди ээлейт. Соңку жылдары эң популярдуу болуп келаткан лыжа базасын жеке компания парктан 2006-жылы ижарага алган жерде иштетип келет.

Шаарча тууралуу илинген жарнамалар 4-январда алып салынды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG