Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Түркия Казакстанга аба каттамдарын токтотту


"Түрк аба жолдору" компаниясынын учагы.
"Түрк аба жолдору" компаниясынын учагы.

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы Түркиядан Казакстандын Нур-Султан, Алматы жана Актау шаарларына 9-январга чейин рейстерди токтотту. Бул тууралуу 7-январда мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлады.

Учурда Стамбул аэропортунда жүздөгөн казакстандык жүргүнчү кармалып турганы кабарланды. Алардын арасында жаш балдар жана кары кишилер бар экени айтылууда.

Казакстандык "Эйр Астана" компаниясынын да Түркия - Казакстан каттамы боюнча рейстери токтогон. Ал эми Стамбул - Чымкент каттамы кадимки тартипте иштеп жатат.

Бейшембиде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Алматы" эл аралык аэропорту 19-январга чейин иштебей турганын билдирген.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышкан. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланды. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG