Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

COVID-19: Бишкекте кошумча 400 орун даярдалды


Кыргызстандык дарыгер. Архив.
Кыргызстандык дарыгер. Архив.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-январда коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарында вирус жуктургандар көбөйүп жаткандыктан кошумча 400 орун даярдалганын кабарлады. Анын айтымында, учурда бардык дары-дармектер, коргонуучу каражаттар жетиштүү.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөн бардык адамдар үчүн ПЧР-тесттин жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы алынгандыктан өткөрүү пункттарында COVID-19 инфекциясына экспресс-тест жүргүзүлөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2814 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирусту жуктуруп алган дагы 247 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (151 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 484 адамга жетти.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG