Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Кыргызстандын аскерлери Казакстанга жетти


Кыргызстандын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

7-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын аскерлери Алматы шаарына келип түштү.

Аскерлер менен атайын техниканы Канттагы Орусиянын авиабазасынан Ил-76 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактар салып кетти. Коңшу өлкөгө Кыргызстандан 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барары кабарланган.

Кыргыз аскерлери Казакстандын стратегиялык объектилерин кайтарып, коомдук тартипти калыбына келтирүүгө көмөктөшөт.

Жогорку Кеңеш ЖККУнун алкагында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө 7-январда макулдук берди. Эл өкүлдөрүнүн 69у макул, жетөө каршы болду.

6-7-январда парламенттин сыртында кыргыз аскерлерин коңшу өлкөгө жиберүүгө каршылык билдирген нааразылык акциясы өттү.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүү чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга "тынчтык орнотуу күчтөрүн" жөнөткөнү маалым болду.

Казакстанга ЖККУнун баш-аягы 2500 аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” маалымат агенттигине билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG