Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Казакстанда нааразылыкка байланыштуу кармалгандар 4 миңге жакындады


“Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев.
“Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев.

Казакстандын “Хабар 24” телеканалы Ички иштер министрлигине таянып, соңку нааразылыктарга байланыштуу кармалгандардын саны 3811 адамга жеткенин жазды.

Кармалгандардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлү, эл арасында “Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев да бар. Аны менен чогуу уюшкан кылмыштуу топтун алты мүчөсү колго түшкөн. Алар полицияга каршы ок аткан деп шектелүүдө.

Жумагалдиев буга чейин 5-январда Алматы шаардык акимиатынын алдындагы акцияларда чыгып сөз сүйлөгөн. Кийин видео аркылуу кайрылууларды таратып жатты. Ал 2005-жылы Чымкентте саясатчы Жармахан Туякбай баштаган “Адилеттүү Казакстан үчүн” кыймылынын жыйынына чабуул жасаган. Кийин Жумагелдиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал шарттуу түрдө жаза алган. 2008-жылы Чымкентте болгон атышууда да аты аталып, кийин бир нече ирет тергөө абагына камалып чыккан.

Казакстандын ИИМ атайын операция учурунда "26 куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын мурдараак маалымдаган. ИИМ “бузуку топтор менен” кагылыш учурунда Алматы менен Чымкентте 216 аскери жараланганын тактады. 6-январдагы маалыматта күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон.

Президент Касым-Жомарт Токаев "террорчуларды жана бандиттерди эскертүүсүз атууга буйрук бергенин" маалымдады. Бийлик “бузуку топтор”, “кылмыштуу топтор” деген терминди колдонгону менен алар тууралуу кеңири маалымат айта элек.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Соңку эки күн ичинде Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштады.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат. Митингчилер өздөрүн "террорчу" деп атоого каршы экендиктерин, социалдык начар абалга жана кымбатчылыкка нааразылык иретинде акцияга чыгышканын айтышты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG