Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

COVID-19: эки адам каза болуп, 193 бейтап жаңы катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 8-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2816 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 193 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (134 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 667 адамга жетти.

Вакцина алгандар өлкө боюнча 1 млн. 242 миңден ашты.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG