Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

БелТА Лукашенко менен Назарбаев сүйлөшкөнүн жазды


Александр Лукашкенко менен Нурсултан Назарбаев. Архив сүрөт.
Александр Лукашкенко менен Нурсултан Назарбаев. Архив сүрөт.

Беларустун БелТА мамлекеттик агенттиги президент Александр Лукашкенко 7-январда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлады. Бул маалыматты Лукашенко тууралуу расмий кабарларды таратып жүргөн телеграм каналы да жарыялады.

БелТА маалымдагандай, Лукашкенко менен Назарбаев Казакстандагы кырдаалды талкуулаган. Бирок, расмий агенттик кандай сөз болгонун ачык жарыялаган жок.

Назарбаев акыркы жолу коомчулуктун алдына 28-декабрда чыккан эле. Анда ал Санкт-Петербургда өткөн КМШнын бейформал саммитине катышкан. Адатта Казакстандагы негизги окуялар боюнча пикирин билдирип жүргөн Назарбаев, бир аптадан бери өлкөдө болуп жаткан кырдаалга үн ката элек. Анын кайда экени белгисиз. Акордо Назарбаев тууралуу эч кандай маалымат чыгарган жок. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG