Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Новак Жокович Австралия өкмөтүн сотко берди


Белгилүү теннисчи Новак Жокович.
Белгилүү теннисчи Новак Жокович.

Белгилүү теннисчи Новак Жокович Австралия өкмөтүнүн визасын жокко чыгарган чечимин сотко берди. Ал ошондой эле коронавирус менен өткөн айда ооруп айыкканын жана мындан улам ага вакцинация тууралуу кагаздын кереги жок экенин кошумчалады.

Сербиялык теннисчинин юристтери көрсөткөн далилдерге караганда, Жоковичтен 16-декабрда коронавирус табылган. Ай соңунда ал айыкканы анык болгон. Бул иш 10-январда Австралия сотунда каралат.

Австралия өкмөтү Жоковичти өлкө аймагына кирүүгө уруксат берген эмес. Ал шаршембиде Australian open турниринде өзүнүн чемпиондук титулун коргоо үчүн Австралиянын Мельбурн шаарына учуп келген эле. Чек ара кызматы аны COVID-19га каршы вакцинаны албоо үчүн медициналык кагазды негизсиз алган деп тапты.

Жоковичтен тышкары Австралия бийлиги чехиялык спортчу Рената Вораковага эмдөө тууралуу кагазы жок, өлкө аймагына кирүүгө уруксат берген жок. Учурда эки теннисчи тең Мельбурндагы иммиграциялык борбордо кармалып турушат.

Австралиядагы Теннис боюнча ачык чемпионат 17-январда башталат. Жокович башынан эле вакцинацияга каршы чыгып келген. Ага алгач "Теннис Австралия" ассоциациясы өлкөгө документсиз эле кирүүгө уруксат берген. Бирок 5-январда чек арачылар мыйзам баарына бирдей иштерин айтып, өлкөгө киргизбей коюшкан.

Жокович дүйнөдөгү мыкты теннисчилердин сап башында турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG