Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Коронавирус курмандыктары жана каармандарына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдиргендей, "Кара июль" курмандыктары жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмө 11-12-13-январда Улуттук тарых музейинде өтөт.

"Ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскеребиз. Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербөө үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салабыз. Келгиле өзүбүздү жана жакындарыбызды аярлап, эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери коронавирустан 2816 бейтап каза тапты. Вирусту жуктургандар саны жалпы 185 667 адамга жетти. Вакцина алгандар өлкө боюнча 1 млн. 242 миңден ашты.

2020-жылдын июлу Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кетти. "Каралуу июлдагы" өлүм санынын көп болушу кийин каза болгондордун жакындарында бир топ суроону жаратып, тармактар аралык изилдөө комиссиясы түзүлгөн. Жыйынтыгында бир нече мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланган.

Вирус күчөп турганда министрликтин башында турган жооптуу адамдар коронавирус жаңы оору болгондуктан, тийиштүү иш-чаралар убагында аткарылбай калганын моюнга алышкан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG