Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Пакистанда кеминде 21 адам тоңуп өлдү


Пакистанда тыгында калган автоунаалар. 8-январь, 2022-жыл.
Пакистанда тыгында калган автоунаалар. 8-январь, 2022-жыл.

Пакистанда жыйырмадан ашуун адам, анын ичинде тогуз бала сууктан тоңуп өлдү. Бийликтин маалыматына караганда, өлкө чыгышындагы Пенжаб аймагында катуу жааган кардан улам туристтер 8-январга караган түнү жолдо тыгында калышкан.

Ички иштер министри Рашид Ахмед 8-январда билдиргендей, миңдей автоунаа тоодогу станциянын жанындагы тыгында туруп калган. Көп адамдар өз машинелеринин ичинде көз жумушкан. Жергиликтүү тургундар жолдо калгандарга колунан келишинче жардам беришкен. Пенжаб провинциясынын бийлиги аймакка өзгөчө абал режимин киргизди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG