Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Тюменде тогуз киши жасалма аракка ууланып каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Тюмен облусунда тогуз киши курамында уулуу метил заты бар жасалма аракка ууланып каза болду. Кылмыш иши козголгонун ишемби күнү облустук тергөө башкармалыгы кабарлады.

“Интерфакс” агенттиги бөтөлкөгө “Родники Сибири” деген кагаз чапталган жасалма арак 3-январдан тартып сатыла баштаганын жазды. Тогуз кишинин өлүмүнө алып келген окуяга шектелип 30 жаштан 50 жашка чейинки төрт киши кармалды. Тергөө жүрүп жатат.

2021-жылдын октябрь айында Орусиянын Екатеринбург шаарында жана Оренбург облусунда сапатсыз алкоголдон 53 киши көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG