Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 2022-жылдын 9-январына карата кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин “Азаттыкка” билдирди.

Казакстандын айрым маалымат каражаттары 9-январга караган түнү Алматы-Бишкек жолунун боюнда салгылашуу жүрүп жатканын жазышкан. Райымбек айылынын тургундары Sputnik Казакстан агенттигине салгылашуу бир нече саат болгонун айтышкан. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул маалыматты ырастаган жок. Кыргыз тарап салгылашуу тууралуу маалымат берген жок, абал туруктуу экенин маалымдады.

Жалпысынан Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми кыргызстандыктар Чүйдөгү "Чалдыбар" жана Таластагы "Чоң-Капка" аркылуу гана кире алышат.

Чек ара кызматы “Ак-Тилек” кадимки тартипте (COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен), "Чалдыбар – автожол” чектелген тартипте иштеп жатканын кабарлаган.

“Чалдыбар-автожол" (Кыргызстан) - "Сыпатай Баатыр-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштейт:

  • Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Коңшу өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары кире алышат;
  • Казакстандын жарандары чыгып кете алышат;
  • Оор жүк ташуучу транспорт Казакстандын аймагына чектөөсүз кире алат.

Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге өтүүсүнө чектөө коюлду. Ушул тапта чек арада жарандардын жана транспорттун тыгыны байкалган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG