Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

COVID-19 жуктургандар 300 миллиондон ашты


Австралиядагы коронавирусту аныктоо учуру, бул өлкөдө акыркы күндөрү COVID-19дун Омикрон шатммы жайылууда.
Австралиядагы коронавирусту аныктоо учуру, бул өлкөдө акыркы күндөрү COVID-19дун Омикрон шатммы жайылууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсеби боюнча, 7-январга карата коронавирус жуктургандардын саны дүйнөдө 300 миллиондон ашты.

Вирустун омикрон штаммы ооруга чалдыккандардын, андан каза болгондордун санын арбытууда.

2020-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму март айында коронавирусту пандемия катары атагандан бери бул оорудан 5,5 миллион адам көз жумду. Бирок, аталган уюм курмандыктардын саны эки же үч эсеге көп болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Европа чөлкөмүндө адам өлүмү боюнча алдыңкы сапка Британия чыкты. Пандемия башталгандан бери бул өлкөдө 150 миңден ашуун киши вирустан көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG