Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Алматыда дагы бир бала окко учканы белгилүү болду


Алматы. 6-январь, 2022-жыл.
Алматы. 6-январь, 2022-жыл.


Казакстандын балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыдагы окуяларда дагы бир наристенин өмүрү кыйылганын 9-январда билдирди.

"Азаттыктын" казак кызматы Саиндин маалыматына таянып, 7-январдагы атышуулар убагында , саат 19.00дө Алматынын Сейфуллин жана Сатпаев көчөсүндө бараткан машинеге ок тийип, анын ичиндеги төрт жаштагы наристе чарчап калды. Автоунаадагы 9-класста окуган дагы бир секелек реанимация бөлүмүндө жатат.

Буга чейин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Алматыдагы өлүкканага төрт жашар наристенин сөөгү жеткирилгенин жазып чыгышкан.

Саиндин айтымында, 7-январда, саат 13.30да 8 жаштагы кызга да ок тийип, жараат алган. Балдар акыйкатчысы буга чейин 11 жаштагы баланын окко учканын маалымдаган. Ал эми расмий маалыматта өлкөдө окуяларда өлгөндөр арасында эки бала бар экени, үчөө жаракат алганы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG