Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:30

250гө чукул казакстандык жарандын мекенине кайтуусуна жардам көрсөтүлдү


Бишкектеги эл аралык "Манас" аба майданында казакстандык жарандарды күткөн автобустар, 9-январь, 2022-жыл.
Бишкектеги эл аралык "Манас" аба майданында казакстандык жарандарды күткөн автобустар, 9-январь, 2022-жыл.

Акыркы бир нече суткада Бишкек мэриясы Казакстандын чет жактардан келе жаткан 247 жаранын тосуп алып, мекенине кайтышына жардам берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

195 казакстандык жаран чет жактан учуп келери менен кыргыз-казак чек арасына жеткирилген. Калганы топ-топ болуп, кыргызстандык ыктыярчылардын жардамы менен кетүүдө.

7-январда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарына жардам уюштуруу боюнча шаардык штабдын иштөө тартибин бекиткен.

Маалыматка караганда, тиешелүү аракеттер Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен макулдашылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG