Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Кыргызcтандын 100дөн ашык жараны казак жергесинен кайтарылды


Казакстандан кайткан үй-бүлөлөрдүн бири. "Ак-Жол" өткөрмө бекети. 11-январь, 2022-жыл

Казакстандагы 150дөн ашык кыргыз жараны чек арадагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети аркылуу мекенине келди. Эвакуациялангандар автобус менен Бишкекке жеткирилди.

Мекенине келген кыргызстандыктардын көпчүлүгү жаңы жылга карата Казакстанга тууган-туушкандарыныкына барганын айтып жатышты. Алардын дээрлик бардыгы өлкөдөгү башаламандык учурунда үйдөн чыкпаганын, сырттагы атышуулардын үнүн гана угуп тургандыгын билдиришти. Алардын бири Бактыгүл Сабырбекова.

Бактыгүл Сабырбекова
Бактыгүл Сабырбекова

“Кызым Алматыда жашайт, жаңы жылдын алдында ага учурашайын деп Бишкектен барган элем. Анан эле мындай окуя болуп кетти. Кызым Алматынын борборунан алысыраак жер тамда турат, ошого шаар ичинде эмне болуп атканын, кандай ок атуулар болгонун биле албадым. Анын үстүнө интернет иштебей, бир топ телеканалдарды көрө албай жаттык. Бирок Кыргызстанда болгон төңкөрүштөрдөн бир топ катуу болду. Өзгөчө балдарын жоготуп сыздаган ата-энелерге убал. Кыргыз эли да эки уулунан ажырады”.

Өлкөдө окуя болуп жаткан күндөрү интернет иштебегендиктен маалымат алуу мүмкүнчүлугү чектелген. Жарандар "Телеграм" аркылуу бири-биринен кабар алып, кырдаал туурасында мамлекеттик гана телеканалдардан көрүп турганын айтышты. Александр Паленый алардын көп маалыматы чындыкка дал келбегенин айтты.

Александр Паленый
Александр Паленый

“Интернет бир нече күн жок болгондуктан мамлекеттик телеканалдардан жаңылыктарды карап отурдук. Биздин кыргыз жараны тууралуу видеону көрүп, ал кыйноого кабылганына зээним кейиди. Тышта таланып-тонолгон дүкөндөр, өрттөлүп жаткан имараттар көзүмө урунду. Президент Токаевдин Казакстандын көчөлөрүнө 20 миңге чукул террорчулар чыкты деген сөзү чындыкка дал келбей турганын түшүнүп турдум. Себеби, алар күнөөнү бирөөгө оодаргысы келип атты. 20 миң террорчу Ооганстанда дагы жок”.

Казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес. Мындан улам мигранттарды үймө-үй кыдырып текшерүүлөр болуп жатканы маалымат каражаттарында айтылып жаткан. Үйүнө кайткан тургундардын бири, студент Асел Сагындыкова буларды билдирди.

“3-январда Нур-Султандан чыгып, 4-январда Алматыга келдик. Андан ары Бишкекке келмекпиз. Бирок, 4-январда тополоң болуп, жолго чыгуу абдан кооптуу болду. Жанымдагы кыргызстандык студент менен Алматыдагы досубуздун үйүнөн чыкпай олтурдук. Ата-энем менен байланыша албай жаттым, алар мен үчүн санаа тартып жатканын сезип турдум. Нур-Султандагы жогорку окуу жайларынын биринде 3-курста окуп жаткам, эми окуумду кайра Бишкекте улантам. Бул оор күндөр өтүп кеткенине, мекениме кайтып келгениме кубанып турам. Башка студенттер февралга чейин каникулга тарады”.

Буга чейин Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирген. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Жиншанлону камаганы белгилүү болду.

Назарали Арипов
Назарали Арипов

“Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин атайы жайларда кармалып турган төрт кыргыз жаранын чыгаруу тууралуу макулдашууга жеттик. Алар 11-январда чыгат, анан алардын каалоосуна жараша биз Кыргызстанга алып келүүгө даярбыз. Консулдук менен байланышып, Кыргызстанга келем дегендерди мекенине кайтарууну уланта беребиз. Азыр Алматы шаарында абал турукташып калды, көпчүлүк мекемелер штаттык режимде иштеп жатат".

Мындан тышкары Арипов Алматыда мерт болгон экинчи кыргыз жаранынын тек-жайы аныкталганын, ал маркум Бахтияр Базарбаев аттуу жаран экенин кошумчалады. Анын сөөгү тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлгөндөн кийин жакындарына берилерин маалымдады.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Алматыда тополоң учурунда каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин апасына Казакстанга барууга уруксат берилген кабарлаган. Мусаев ал жакта фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген. Аны чек арада жакындары, журналисттер менен биргеликте тосуп алышты.

Мурунку күндөрү дагы 150 киши келгенин Тышкы иштер министрлигинин атташеси Азамат Калысбеков маалымдады.

Азамат Калысбеков
Азамат Калысбеков

“Кыргыз-казак дипломаттары сүйлөшүп, анда кыргыз жарандарын Казакстандын аймагынан коопсуз чыгарып кетүү тууралуу макулдашууга жетишилген. Анын үстүнө биздин Тышкы иштер министрлиги нота жөнөткөн. Мындан улам казак бийлиги биздин мекендештерди чыгарууга көмөк көрсөтүп, чек арага жеткирүү үчүн транпорт берди жана полициянын коштоосунда алып келди. Ошондой эле кыргыз жарандарын чек арадан тоскоолдуксуз, тез арада өткөрүү каралган”.

Азыркы тапта Казакстанда жашап, окуп жана иштеген 30 миңден ашуун кыргыз жараны бар экенин Улуттук статистика комитети билдирген. Казакстандагы башаламандыктар 2-январда башталып, 5-январдан 7-январга чейин уланган. Бул күндөрдө күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан алты миңден ашуун адам кармалды.

Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын жана аларга катуу чара көрүлөрүн билдирип жатышат. Жарандык коом, эл аралык коомчулук казак бийлигинин чечимин сынга алышкан.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    Кундуз Кызылжарова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG