Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Дүйшекеев: Казакстанда кармалган кыргыз жарандарынын саны такталууда


Дастан Дүйшекеев.
Дастан Дүйшекеев.

Казакстандагы соңку окуядан улам жардамга муктаж кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, учурда Казакстанда канча кыргыз жараны кармалганы расмий түрдө тактала элек.

- Дастан мырза, Казакстандагы соңку кырдаал кандай болууда? Бул өлкөдөгү көптөгөн кыргызстандыктар кармалганы боюнча маалыматтар келип жатат. Элчилик эмне иштерди аткарууда?

- Казакстандагы соңку окуялар башталгандан тарта эле элчилик кырдаалга тыкыр көз салып, өз ишин алып барып жатат. Учурда кырдаал акырындан турукташа баштады. Интернетти көбүрөөк берип, негизги коммуникациялык каражаттар да иштей баштады. Расмий бийлик өкүлдөрү да акырындап байланышка чыгышууда. Окуянын алгачкы күндөрү расмий органдар менен байланыш болбой, суроолорубузга жооп бербей жатышкан. Телефон, интернет байланышы өчүп, ишти алып баруу абдан кыйын болду. Анын үстүнө Алматыда антитеррордук операция болуп жатканына байланыштуу бардык дипломатиялык миссияларга да эки жакка чыгууга уруксат берилген эмес. Себеби, кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн, ошондуктан эч жакка чыкпай тургула деген эскертүү болду.

Казакстанда биздин дипломатиялык өкүлчүлүк эки округ боюнча иш алып барат. Түштүк аймакты Алматыдагы консулдук, түндүк аймактарды Нур-Султандагы элчилик иштейт. Элчиликке караштуу аймактарда кармалган, жабыркаган кыргызстандыктар катталган жок.

Байланыш түйүндөрү калыбына келе баштагандан тарта эле биздин жарандардын коопсуздугу боюнча маселелерди коюп, бул боюнча учурда иштеп жатабыз.

- Алматы, Чымкент сыяктуу шаарларда бир нече кыргыз жарандары кармалганы жөнүндө маалыматтар интернетке жарыяланып жатат. Учурда канча кыргызстандык кармалды, жалпы жабыркагандар жөнүндө маалымат барбы?

- Андай маалыматтар чыгып жатат. Бирок Казакстандын Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги расмий маалымат бере элек. Алар учурда бардык маалыматтарды текшерип жатабыз деп айтып жатышат. Ал эми Алматыда аэропортто калып калган жарандарды Кыргызстанга алып кетүү үчүн башкы консулдук автобус, кичи автобустарды уюштуруп, биздин чек арага жеткирүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышууда.

Жабыркаган жарандар боюнча маалыматтарды текшерип жатабыз. Акыркы маалымат боюнча Алматыда бир жараныбыз каза болгону аныкталды.

- Ал ким экен? Кандай жагдайда каза болуптур жана анын сөөгүн мекенине жеткирүү иши кандай болууда?

- Ал Алматыда фитнес-машыктыруу болуп иштечү экен. Учурда биздин башкы консулдук иштерди жүргүзүп жатат. Каза болгон адамдын тек-жайын аныктап, жакындарын Алматыга алып келүү боюнча сүйлөшүлдү. Анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү иши да жүргүзүлөт.

- Казакстанда музыкант Викрам Рузахуновдун кармалышы Кыргызстанда абдан талкууланып жатат. Аны бошотулганы боюнча маалыматтар чыгып жатат. Ал кишинин иши эмне болууда?

- Рузахуновдун кайсы жерде кармалып турганы бүгүн эртең менен гана белгилүү болду. Түнү бою Тышкы иштер министрлиги, элчиликтин кызматкерлери иштерди жүргүздүк. Жыйынтыгында, анын Карасай районундагы милиция бөлүмчөсүндө кармалып турганы аныкталды. Эртең менен консулдуктун өкүлдөрү ал жерге барып, биздин жаранга жардам көрсөтүп жатышат.

- Казакстандагы жарандар өз коопсуздугунан аябай чочулап, ар түркүн басым-кысымдарга туш болуп жатканын айтышууда. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кандай аракеттер көрүлөт?

- Биз ар бир жараныбыздын кайрылууларын көрүп жатабыз. Учурда өзгөчө кырдаал режими, коммуникацияларды өчүрүп салганына байланыштуу ишти жүргүзүү бир аз оор болуп жатат. Азыр интернет иштеп, байланыш калыбаны келе баштагандан бери жарандар менен байланышып, эки жакка чыкканга жеңил болуп калды. Биз азыр жарандардын коопсуздугун камсыздап, аларга жардам көрсөтүү боюнча ишти эки эсе күчөтөбүз. Буга чейин бизге чыккан ар бир жаранга жардам берип, кеп-кеңешибизди айтып жаттык.

9-январда Нур-Султандан Бишкекке бир каттам бар эле. Ал учпай калды. Биз «Эйр Астана» авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аэропортто болуп жаттык. Калып калган 17 жараныбыздын айрымдарын поезд аркылуу жөнөткөнгө билет алып бердик. Алар «Нурлуу жол» станциясынан «Чу» станциясына поезд менен келип, андан ары такси аркылуу кетиши үчүн машине менен сүйлөшүп бердик. Андан сырткары ара жолдо калган жарандарыбызды өзүбүздүн үйүбүзгө алып барып, убактылуу турак жай менен камсыз кылдык. Бүгүн да эки жаранды жөнөтөбүз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG