Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Казакстан улуттук аза күтүп жатат


Казакстан. Талды-Коргон шаары.
Казакстан. Талды-Коргон шаары.

Бүгүн, 10-январь Казакстанда улуттук аза күтүү күнү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн Телеграм каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну "техникалык" ката деген негизде четке какты.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалымат боюнча, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын билдирип жатат.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалгандардын арасында "кошуна мамлекеттердин жарандары" бар экенин билдирип, бирок кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG