Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Элчи: Алматыдагы окуяларда кыргыз жараны каза болду


Алматы шаары. 10-январь, 2022-жыл.
Алматы шаары. 10-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматыдагы башаламандыкта каза болгондордун арасында кыргыз жараны бар экенин "Азаттыкка" кабарлады.

"Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген кыргыз жараны каза тапты. Анын тек-жайын аныктоо, сөөгүн алып келүү боюнча элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат", - деди ал.

Дүйшекеевдин айтымында, Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байланыштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин казак Саламаттык сактоо министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан. (BkA/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG