Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Кыргызстан Казакстанды Рузахуновдун токмоктолгонун иликтөөгө чакырды


Викрам Рузахунов Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда учуп барган.
Викрам Рузахунов Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда учуп барган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөттү. Анда Алматыда кармалган кыргызстандык пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган.

Министрлик тараткан маалыматта "мындай кайрылууга Рузахунов сабалганы так көрсөтүлгөн видео негиз болгону" айтылат. Ошондой эле казак күч түзүмдөрү Рузахуновго Кыргызстандын консулдук кызматкерлерин жана адвокаттарды киргизиши керектиги белгиленген.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырган.

Жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганын улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргыз милициясы музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тийиштүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG