Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Садыр Жапаров Казакстандагы соңку окуялардан улам Токаевге көңүл айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаевге соңку кайгылуу окуялардан улам көңүл айтты. Анда "орду толгус жоготуунун күйүтүн жана ызасын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирүүнү өтүнөм. Мамлекеттерибиздин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгына, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өз ара урматтоонун бузулбас принциптерине таянуу менен биз Казакстанды ишенимдүү кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары ар дайым колдойбуз!" деп жазылган.

Казакстанда бүгүн, 10-январда аза күтүү күнү жарыяланган.

Бул өлкөдө өткөн аптадагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байаныштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан.

Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын билдирип жатат.

Казак полициясы кармалгандардын арасында "кошуна мамлекеттердин жарандары" бар экенин билдиргени менен кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG