Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Бишкекте кайра шайлоо: "Баарына каршыны" ким жеңет?


Элвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Шайлообек Атазов, Аида Салянова жана Ирина Карамушкина.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 19 адамга жетти. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, азырынча эки шайлоо округунун биринен 11, экинчисинен сегиз адам талапкер болууну көздөп турат.

Бул округдарда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-январда аяктайт.

Бишкектеги эки мандатты мелжегендер 19га жетти

Алардын арасында Биринчи май округунда мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Руслан Акылбеков, мурдагы күч кызматкери Анвар Сартаев бар.

Ал эми Свердлов округунан парламенттин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Ирина Карамушкина, Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова, жарандык активист Назгүл Жолдошева, дарыгер Муратбек Султанбеков жана башкалар арыз берген. Буга чейин мурдагы баш прокурор Аида Салянова да дал ушул округдан талапкерлигин коюу ниетин билдирген эле. Ал азырынча Боршайкомго арыз менен кайрыла элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул шайлоодо 28-ноябрдагыдай мүчүлүштүктөр катталбай турганын билдирди.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Парламенттик шайлоодогу кемчиликтер коомчулукта жакшы эмес пикир жаратып койду. БШК кайра ушундай кырдаал жаралбашы үчүн тиешелүү чараларды көрдү. Буюрса, кайра кайталанбайт. Кайра шайлоонун мөөнөтү үчтөн экиге кыскарды. Мисалы, мурда үгүт иштери бир ай болсо, азыр 20 күн жүрөт. Эгерде дагы эле баарына каршы позиция жеңген болсо, БШК анда кайра шайлоону дайындайт”.

Бишкектеги эки округдан талапкер болгусу келген 19 адамдын бир тобу 28-ноябрдагы шайлоого катышкан. Алардын арасында партиялык тизме менен шайлоого барган Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Рыспай Аматов бар. Нурбек Токтакунов, Русланбек Акылбековдор болсо ушул эле Биринчи май округунан жарышка чыгып, баарына каршы деген позициядан аз добуш алган.


Ал эми Төлөйкөндөн шайлоого чыгып, 2000ге жакын добуш айырма менен Нурбек Алимбековго жеңилген Шайлообек Атазов кайра Бишкектин Свердлов районунан талапкер болгону турат. Атазов менен Алимбеков шайлоодон кийин бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, Жогорку Кеңештен кайым айтышкан. Жыйынтыгында Жогорку сот Шайлообек Атазовдун арызын четке каккан. Ал кайра шайлоого барып жатышын мындай түшүндүрдү:

“17 миң шайлоочунун үмүтү үзүлүп, ишеними сынып калды. Ошолордун сунушу менен Бишкек шаарынан коюп жатам. Мен үчүн Ош, Бишкек жана Нарындын айырмасы жок. Жалпы Кыргызстанга кызмат кыла берем. "Атазовго мандат эле керекпи" деген сын туура эмес. Мен үчүн мандат маанилүү эмес, элдин үнүн угузуп жана мыйзам жазганы баратам. Бишкектин көйгөйлөрүн жакшы билем", - деди Атазов.

19 талапкердин катары дагы калыңдашы толук мүмкүн. Азырынча “Альянс” партиясы менен шайлоого барган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев дагы жарышка чыга турганы айтылып жатат.

Парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыгын тааныбаган “Ата Мекен” баштаган партиялар оппозициялык көз карашын кайра шайлоого катышуу менен билдирерин айткан эле.

Бишкектин маанайы өзгөрдүбү?

Парламенттик шайлоо учурунда Бишкек шаары төрт шайлоо округуна бөлүнгөн. Шайлоого келген борбор калаанын тургундарынын көбү баарына каршы добуш берген. Мисалы, Ленин шайлоо округунан жеңип чыккан Жаныбек Абиров 11 576 добуш алып, баарына каршы деген позицияны аз айырмачылык менен жеңген. Ал эми Октябрь шайлоо округунан бийликке оппозиция болгон Дастан Бекешев алдыга чыккан.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов парламенттик шайлоодо Бишкекте каршылык маанай бар экени байкалганын айтат.

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

“Бийлик канчалык аракет кылбасын Бишкектен өз максатына жетпей калды. Муну менен борбор бийликтин саясатына ыраазы болбой жатканын билдирди. Муну өйдө жактагылар эске алышы керек. Шаардыктар Бишкектеги кымбаттоолор, транспорт, ыш, экология маселелерин добуш берүү аркылуу билдирди. Эми оппозиция канчалык добуш алары да маанилүү. Бирок алар азырынча чачыранды болуп жатышат. Ошол эле учурда бийликте убакыт бар. Баарын оңдосо болот. Болгону убакыт чектелүү экенин унутпасын”.

Бишкек шаарында жарандардын шайлоого катышуусу дагы башка аймактарга караганда солгун болгон. Эң жогорку көрсөткүч Дастан Бекешов жеңип чыккан Октябрь шайлоо округунда катталып, анда 105 миң шайлоочунун 36 миңи (34%) добуш берүүгө келген.

Шайлоонун жүрүшүнө анализ жүргүзгөн жарандык активист Атай Бейшенбек борбор калаадагы абал өзгөрбөгөнүн айтып жатат.

Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

“Башка аймактардан айырмаланып Бишкектин тургундары добушун “биздин бала” деген түшүнүк менен бербейт. Анткени ар кошкон эл жашайт. Бул жактын шайлоочулары шаардын маселесин чечкендерди гана шайлайт. Буга Бишкектеги маселенин көптүгү себеп. Ошол эле учурда программа менен ута турган бир дагы талапкер көрө алган жокмун. Менин маалыматым боюнча, парламентке өткөн партиялар өз талапкерлерин сүрөйт экен. Бул администраивдик ресурс болуп калат. Ошентсе да Бишкектин эки округунан бийликке кескин сын айткан талапкер же баарына каршы жеңет. Башка вариантты көрбөй турам”.

Шайлоо мыйзамдары боюнча "баарына каршы" жеңген учурда кайра шайлоо дайындалат. Анын саны боюнча эч кандай чектөө жок.

VII чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG