Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 09:32

Алтынчы чакырылыш: милдет жана жоопкерчилик


Парламенттин алтынчы чакырылышынын сессияларынын бири. Кворум чогулбай жаткан учур. Архив.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мыйзамда каралган беш жылдын ордуна алты жыл иштеди. Ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган депутаттар боюнча пикирлер бир кылка эмес. Саясат талдоочулар Жогорку Кеңештин бул курамы начар болгонун айтса, бийлик "тарыхта кала турган парламент" болгонун билдирген.

Үч президент, эки Конституция, алты өкмөт

VI чакырылыштын депутаттары ишин баштаган 2015-жылдан бери парламенттин эркин сынап, алардын позициясын ачыктаган окуялар көп болду. Бул парламент 2019-жылы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, 2020-жылы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алып берди. Андан кийин Садыр Жапаров баштаган бийликтин демилгелерин толугу менен колдоого алды. Депутаттар үч президент менен иштешкенден тышкары 6 өкмөт башчыны кетирип, мазмуну жагынан бири-бирине каршы келген Конституциянын эки жолу өзгөртүлүшүнө активдүү катышты.

2015-жылдан бери алты жыл депутат болгон Абдывахап Нурбаев соңку парламенттин кемчилигин атады.

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

“Бул парламенттин эң чоң кемчилиги - парламентаризмди сактап кала албагандыгыбыз. Бул коомдун алдыга жылышы токтоп калды дегендик. Өнүккөн өлкөлөр президент дегенди унутуп алдыга жылып кеткен. Буга депутаттардын парламенттин ролун түшүнбөгөндүгү себеп болду. Анткени алар Жогорку Кеңешке бийлик менен сүйлөшүп алуу, өзүнүн маселесин чечүү үчүн келген да. Алар парламенттин ролу бийликтеги балансты сактап туруу экенин билишкен жок. Ошол эле учурда чындыкты айтып турган депутаттар да болбой койгон жок. Аларды дагы айтып турушубуз кажет”.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 2015-жылы Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда шайланып келген. Анын өзөгүн президент сүрөөнгө алган КСДП (38 мандат) түзгөн. Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кызматтан кетерине бир жыл калганда Жогорку Кеңештин жардамы менен Баш мыйзамды өзгөртүүгө бел байлаган. Ал колдогон Конституция депутаттардын колдоосуна алынып, ошол эле жылы 11-декабрда референдумда колдоо тапкан. Парламенттин ушул эле курамы 2019-жылы 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.


2016-жылдагы сценарий 2021-жылы кайра кайталанды. Октябрь окуясынын арты менен келген бийлик демилгелеген Конституцияга ылайык, президенттин укуктары кеңейтилди. Ага ылайык, президент аткаруу бийлигин жетектейт, Министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт. Андан тышкары өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялайт. Мыйзам демилгелөө укугуна да ээ жана эки мөөнөткө шайлана алат. Жыйынтыгында депутаттар 2016-жылы парламентаризмге ыктаса, 2021-жылы президенттин бийлигин бекемдеген Конституциянын долбооруп сүрөп, ал референдумда колдоо тапкан.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы парламентаризмди дискредитация кылды деп эсептейт.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Бул парламенттин принцибинин жоктугу, ийкемдүүлүгү бүтүндөй бир системаны курмандыкка чалды жана парламентти сый-урматтан кетирди. Эгерде чындыгында парламенттик башкарууга нааразы болсок, анда эң биринчи кезекте депутаттардын күнөөсү чоң. Алардын ишмердүүлүгүнөн улам элдин парламентаризмге болгон ишеничи солгундады. Ал эми соңку бир жыл иштегени такыр мыйзамсыз. Бул аралыкта болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө барды. Бул иштин баары президенттин жетегинде жүрдү”.

VI чакырылыштын беш жылдык мөөнөтү 2020-жылы аяктамак. Алардын алты жылдан ашык иштешине 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоо себеп болгон. Анын келип чыгышына парламенттин дагы салымы бар. Анткени алтынчы чакырылыштын депутаттарынын жарымынан көбү бийликчил делген “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын тизмеси менен шайлоого барган. Аталган шайлоо массалык түрдө добуш сатып алуу, мыйзам бузуулар менен коштолуп, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен.

Элдик толкундоолордун арты менен бийликке келген Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин курамына мындай баа берген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Алтынчы чакырылыштын маңдайына алты жылдык өмүрдү жазган экен. Жакшы эле иштеп беришти. Көп маселелерди колдоп берди. Бул парламент Октябрь окуяларында тынчтыкты сактап, мыйзам талаасына түшүп кеткенге түрткү болуп берди. Андан кийинки саясий процесстерде дагы жардам беришти. Чоң-чоң иштерди жасады десек болот. Азыр элге билинбеши мүмкүн. Бир топ жылдар өткөндөн кийин бүгүнкү парламент жасаган иштер тарыхта калат”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да президент Садыр Жапаровдун пикирине кошулуп, ЖКнын VI чакырылышынын депутаттары бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүүдө көпүрө болгонун билдирген. Ушундай эле пикирди алтынчы чакырылыштын депутаты Аалы Карашев да карманып турат.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

“Алтынчы чакырылыш өзүнүн деңгээлине, мезгилдин талабына жараша иштеди. Ошол эле учурда өзүнүн милдетин аткара алды. Өкмөт демилгелеп келген мыйзамдарга тоскоол болбой, керектүү маалда колдоп берген учурлар болду. Ал эми кабыл алган мыйзамдардын жакшысы, өзгөртүүгө муктаж болгону да бар. Ошол эле учурда эл тарабынан айтылып жаткан сын пикир да туура. Дагы бир маселе, Октябрь окуясынан кийин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы жакшы милдетин аткарды”.

2015-жылдан бери 120 мандаттуу Жогорку Кеңешке 180ден ашык депутат келип-кетти. Тагырагы, 60дан ашуун эл өкүлү ар кандай себептерден улам мандатын тапшырып, алардын ордун башкалар толуктаган. Бир мандат - төрт адамга тийген учурлар да болгон. Буга бир катар депуттарга козголгон кылмыш иши, мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыруу себеп болгон.

"Политмер": Убадасын унуткандар кайра келди

"Политмер" интернет сайты 2011-жылдан бери саясатчылардын, депутаттардын ишмердүүлүгүнө баа берип келет. Алар шайлоо учурундагы убадалардын аткарылышын көзөмөлдөйт. “Политмердин” редактору Наргиза Нанакееванын айтымында, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы – убадасын унутта калтырган депутаттарга бай.

Наргиза Нанакеева
Наргиза Нанакеева

“Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылдагы шайлоо учурунда ишке ашпай турган убадаларды көп берген. Алар шайлоочулар уккусу келген сөздөрдү айта берген. Мисалы, үгүт учурунда "Кыргызстан өнүккөн өлкөгө айланып, айлык эки-үч эсе көбөйөт" деген сыяктуу сөздөр айтылган. Жалпылап алганда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы берилген убадалардын 33% гана аткарган. Эми алардын көбү кайра шайланып келишти. Баарынан өкүнүчтүүсү шайлоочулар кээ бир убадасын унуткан депуттарды кайра шайлап койду”.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы төртүнчү октябрда шайланып келген. 1 млн. 630 миң 125 жаран катышкан бул шайлоодо алты партия жеңүүчү аталган. Жыйынтыгында КСДП - 38, "Республика - Ата-Журт" - 28, “Кыргызстан” - 18, "Өнүгүү-Прогресс" - 13, "Бир Бол" - 12, ал эми шайлоодон акыркы болуп келген “Ата Мекен” 11 мандатка ээ болгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG