Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Кыргызстанда күтүлгөн тобокелчилик жана өзгөрүүлөр


Иллюстрация. Бишкек шаары, 2018-жылы тартылган сүрөт.

Кыргызстан үчүн 2022-жыл кандай жыл болот? Өлкөнү кандай өзгөрүүлөр жана тобокелчиликтер күтүп жатат? Жыл аяктап баратканда "Азаттык" ушул суроолорго жооп издеп көрдү.

Кыргызстан 2021-жылды Октябрь окуясынан кийинки жаңы бийликтин саясий реформасынын айланасындагы ар кандай өнөктүктөр менен өткөрдү. Президенттик шайлоо жана референдум менен башталган жыл парламенттик шайлоо менен жыйынтыкталды.

Бул саясий өнөктүктөрдө Садыр Жапаров президент болуп шайланып, президенттик башкаруу формасын киргизген жаңы Конституция кабыл алынды жана Жогорку Кеңешке жаңы система менен шайланган депутаттар келди. Жогорку Кеңештин мөөнөтү узартылган VI чакырылышы саясий реформаны ишке ашырууда негизги таяныч болду. Жүздөгөн мыйзамдар кайра каралып, Кылмыш, салык кодекстери жаңы кабыл алынды.

Ошондой эле 13-октябрда жаңы Конституцияга ылайык министрлер кабинети куралып, анын башына мурдагы депутат, Кумтөрдүн ишин иликтеген комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров келди. “Кумтөр ишин” териштирүүлөр, ири камоолор, коррупцияга, мыйзамсыз баюуга тиешелүүлөрдөн каражат өндүрүү өнөктүктөрү да ушул жылы башкы окуялардан болду.

Саясий стабилдүүлүктү кепилдей турган кадамдар дээрлик жасалды деп эсептеген бийлик 2022-жылдан баштап өлкө элдин жашоосун оңдоо менен алектенүү керектигин айтууда. Президент Садыр Жапаров “саясатты унутуу” керектигин эскертүүдө. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына добуш берүү жыйынтыкталгандан кийинки элге кайрылуусунда мындай деген:

“Эми өлкөбүздө алдыдагы беш жыл ичинде ири саясий өнөктүктөр болбойт. Биз бул мезгилде Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, элибиздин жашоо турмушун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер менен гана алек болушубуз кажет”.

Алдыдагы жылда өңчөй калктын социалдык-экономикалык абалын оңдоо, экономиканы көтөрүү менен алек болуу Акылбек Жапаров төрагалык кылган Министрлер кабинетинин да башкы убадаларынын бири болууда. Төраганын парламентте берген убадасына караганда 2022-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 4,7 млрд. сомго жетет. Ошол эле учурда Кыргызстандын бюджетин колдоого Азия өнүктүрүү банкы өңдүү эл аралык ири каржы уюмдары адаттагыдай каржылык колдоо берет.

Бюджетти көтөрүүнүн ички булактарынын катарында көмүскө экономиканы ачыктоо, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү саналууда. Бул багыттагы иш 1-январдан баштап күчүнө кире турган жаңы салык кодекси менен жөндөлөт.

Мындан тышкары бийлик келерки жылы “Кумтөр” ишканасынын таза кириешеси 300 миллион долларга жетерин, өлкөдөгү жалпы киреше 40 пайызга өсөрүн болжоп, анын эсебинен мугалимдердин, дарыгерлердин, милиция жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйөрүн, пенсияга, жөлөк пулга акча кошуларын, дыйкандарга насыя бериле баштай турганын убада кылууда. Завод-фабрика, жол курулуштары башталары да айтылууда.

Анткен менен коомчулукта бийликтин убадаларына, аракеттерине көз караш бир кылка эмес. Баалар өсүп, энергетика кризиске кептелип, пандемия этектеп турганда бийликтин бул дымагы канчалык деңгээлде ишке ашат? Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө бет алабы же коомдук-саясий, социалдык турмуштагы олку-солкулук сакталып кала береби? Ушул өңдүү суроолорго эксперттерден да ишенимдүү жооп боло элек.

“Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын пикиринде, көп өлкөлөрдү экономикалык кризис, отун, миграция жаатындагы кризистер, жабыркатып турган шартта кыргыз бийлиги үчүн 2022-жыл ого бетер оор болот.

Анткени глобалдык кризистерден тышкары Кыргызстанды алдыда “башкаруу кризиси” күтүүдө. Ага башкаруу системасын реформалоодон кийинки жаңылыш дайындоолор, соттун көз карандылыгынын күчөшү, мамлекеттик органдардын ич ара башаламан бөлүштүрүлүшү өңдүү көрүнүштөр себеп болот. Бул - экономикалык көрсөткүчтөргө зыянын тийгизчү, социалдык жарылууга чейин жеткирчү тобокелчиликтер:

"Башкаларда (башка өлкөлөрдө-ред.) чыгымдар менен ага каршы аракеттердин системасы иштейт. Калктын төмөнкү катмарында акыйкаттыкка жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Сот системасы нормалдуу иштейт, акыйкаттык сакталат. Ошондуктан социалдык жарылууга жеткирбей турган коопсуздук жаздыгы бар. Бизде мындай коопсуздук жаздыгы жок. Сот, укук коргоо системасы мурдагыдай эле акыйкатсыз, коррупциялашкан, көз каранды бойдон калууда”.

Жакупованын пикиринде, “Кара-Кече” көмүр кениндеги кризис дал ошол башкаруу системасынын абалын көрсөтүп турат. Социалдык жарылууга кирептер кылчу тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн “бир күн мамлекеттик кызматта иштебеген, мыйзамды окуп-түшүнбөгөн, алдыны көрө билбеген” адистерден арылып, кесипкөйлүктү башкы принцип кылып алуу шарт дейт ал.

“Биздин мамлекеттик системасында башкаруу тажрыйбасы жетиштүү адистер абдан аз калды. Ар бир ыңкылапчы ыңкылап жасоого жардам берген кишини алып келип жатат. 2005-жылы Курманбек Бакиевди кадр саясатында регионализм күчөп кетти деп сындаганбыз. Анын жыйынтыгында 2010-жылы “убактылуулар” ыңкылапчыларды алып келди. Башкача айтканда, бардыгы “өздөрүнүкүн” алып келип атат. Биз чүйлүгүн да, оштугун да, көлдүгүн да көрдүк го. Алып келсин, бирок, ошолордун ичинен башкарууну билгендерди, сабаттуу жетекчини тапсын да. “Кандай мышык болсо да чычкан алса болду”.

Антикоррупциялык ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова тескерисинче, өлкө 2022-жылга чоң үмүт менен кирип баратканын айтты. Ал 2021-жылдагы саясий реформалар, парламенттик шайлоонун таза өтүшү коомдун өнүгүүгө карай үмүтүн арттырганына, мамлекеттик башкарууга өлкө кызыкчылыгына кызмат кыла турган муун келатканына ишенет.

Муканованын баамында, эми ыңкылапчыл маанайдан кетип, стабилдүүлүктү көздүн карегинде сактай турган кез келди:

“Элдин маанайы жакшы. Көп жаштар мамлекет, эл үчүн иштеп берели, чогуу иштешели деп, колдон-буттан алып атышат. Бул жаштардын аң-сезими өзгөрүп жатканын көрсөтөт. Бизде революциялык дух күчтүү болчу да. Аны эми митингдерге эмес, ушундай позитивге өткөрүү керек.”

Көз карандысыз экономисттер, ишкерлер келаткан жылда Кыргызстанды күткөн тобокелчиликтердин катарына жакырчылыкты, ишкердик климаттын ишенимсиздиги, ишкерлердин капиталын башка өлкөлөргө салууга аргасыздыгы өңдүү көрүнүштөрдү кошуп жатышат.

Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун божомолунда инвесторлордун да жакын арада жабылып келери күмөн.

"Көп ишкерлер, жок, биз күтүп туралы, келбей туралы, силердин саясатыңар кандай болору белгисиз, улам жаңы нерселер чыгып атат деп атышат. Себеби, алар үчүн климаттык абал айкын болушу керек. Экинчиден, аларга түшүнө турган адекваттуу министрликтердин жетекчилери керек".

Дүйнөлүк алкакта күн санап өсүп жаткан кымбатчылык Кыргызстандын шартында саясий ураанга айланып кетүү тобокелчилиги бар дейт саясат талдоочу Болот Жунусов.

“Кымбатчылык, өсүп жаткан жакырчылык келерки жылы эң биринчи саясий проблема болуп келет деп ойлоп атам. Мен деле Кыргызстандын жөнөкөй жаранымын. Андайды каалабайбыз, бирок, күнүмдүк турмушта тааныштар, туугандар кымбатчылык проблемасын эле айтып жатышат. Бензинден баштап, баланын кийимине чейин бардыгы кымбаттады. Муну жөнгө салуунун жолдору көрүнбөй, угулбай жатат. Жөнөкөй эл кыйналганда дүйнөдө баа көтөрүлүп жатат деген саясий аргумент боло албай, эл аны түшүнбөй калат. Эмне кылсаңар ошо кылгыла, жашообузду оңдогула деген маселе чыгышы мүмкүн”.

Мындайда элдин талаптарын бийликтин саясий реформасын колдобогон оппозиция, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон талапкерлер, бийлик жылы бою ар кандай жагдайларга байланыштуу камакка алган саясатчылардын тарапкерлери желек кылып алып, көчөгө чыгышы мүмкүн.

Ошондуктан, талдоочу бийлик экономикалык реформаларды жасоо, элдин турмушун оңдоо убадаларын убада бойдон калтырбаганга же аткарылбай турган убадаларды бербегенге аракет кылышы керек:

“Бир жыл саясий реформа болду. Жол ачылды. Эми экономикалык реформа жасайбыз деп атышат. Бирок, бир жылдын ичинде деле кайсы жакка барабыз деген вектору, курсу көрүнгөн жок”.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова алдыдагы жылы экономиканы реформалоолодо, элдин турмушун оңдоо жаатында көп тоскоолдуктар бар экенин танбайт. Бирок, аны жөнгө салууга мамлекеттин да, президенттин да эрки жетерине ишендирди.

“Экономиканын 60% көмүскөдө. Анда эки фактор бар. Бири аткезчилик, экинчиси “крышевание”. Бул экөө тең коррупциялык механизмдер. Эки факторду жойсок бюджетке келген каражат пропорционалдуу өсөт. Бул багытта биз да ишкер чөйрө менен чогуу , министрлер кабинети да иштеп жатат.”

Көмүскө экономиканы ачыктоо азыркы өкмөт көтөрүп жаткан башкы демилгелердин бири болгону менен, 1-январдан тарта ишке кирип жаткан Салык кодекси ишкерлердин нааразылыгын жаратууда. Мындай кырдаалдын түзүлүшүн экономисттер министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлчү түшүндүрүү иштеринин чабалдыгы катары баалашууда.

Эксперттер бул өңдүү ар кандай социалдык-экономикалык, ал тургай саясий маселелерди көтөргөн нааразылыктар көбөйүшү мүмкүн деп болжоп жатышат.

Өлкөнүн капчыгына күч келтире турган башкы маселелердин дагы бири - 2022-жылы тышкы карызынын 26,6 млрд. сомун төлөшү керек. Ички-тышкы башка тобокелчиликтерден тышкары глобалдык деңгээлдеги пандемиянын да оңой эмес түйшүгү өлкөнү күтүп турат.

Саясат талдоочулар азыркы бийликтин алдыңкы жылдарды “экономиканы калыбына келтирүүнүн, ыкчам өнүктүрүүнүн, элдин жашоо стандарттарын кескин жогорулатуунун” жылдарына айландыруу ниети коомдун өксүгү менен талабын туюп, өткөндөн сабак ала алган, конкреттүү жана ынанымдуу негиздерге таянган билерман саясатынан көз каранды.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG