Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 09:22

"Арызданган ишкерлер көбөйдү"


2021-жылы мурунку жылга караганда Бизнес-акыйкатчы институтуна эки эсе көп даттануу түштү. Ишкерлер көбүнчө салыктык башкаруу боюнча кайрылышкан. Жаңы мыйзамдарды жана кодекстерди кабыл алууда ишкерлердин пикири толук камтылбай жатканы айтылып келет.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев “Азаттык” радиосуна бизнес коомчулугунун маселеси жана сунуштары тууралуу маек курду.

- Саламатсызбы, Нурлан мырза. Бизнес-акыйкатчы институтуна ишкерлер кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышат?

- Биз өзүбүздүн ишибизди мурдагы жылы февралда баштаганбыз. 2021-жылы ишкерлерден 120 арыз түштү. 2020-жыл менен салыштырсак, арыздарэки эсеге көбөйдү. Көбүнчөсү кызмат көрсөтүү тармагынан түшөт, бул 22%. Андан кийин өндүрүш тармагынан 17%. Жигердүү ишкерлер негизинен Бишкек менен Чүй облусунда иштешет. Ишкерлердин 40% ашууну салыктык башкарууга даттанышат. Мисалы, кошумча салык салуу, айыптык төлөмдөрдү эсептен чыгаруудан жана салыктарды эсепке алуудан баш тартуу. Укук коргоо органдарына да арыздар болгон. Мисалы, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана укук коргоо органдарынын кысымы. Бажылык жөнгө салуу маселелери менен да кайрылышат.

Акыркы учурларда мамлекеттик сатып алуу боюнча да көп арыздар түшүп жатат. Мурун мындай даттануулар аз болчу, бирок кийинки алты айда көбөйүп кетти. Мисалы, ишкер мамлекеттик сатып алуулар боюнча өзүнүн кызматын көрсөткөндө же товар жеткиргенде акчаларын убагында ала албай жатышат. Бул жаатта да колдоолорду көрсөтүп жатабыз.

- Сиздер аларга кандай көмөк бере аласыздар?

- Биздин ишибиз ар бир арызды карап, терең изилдеп, мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып баруу. Жолугууларды уюштуруп же кат түрүндө кайрылып, анын жоопторуна өзүбүздүн көз карандысыз экспертизабызды жасайбыз. Мисалы, кайсы бир ишкердин укугу бузулду деп аныкталса, Бизнес-акыйкатчы тийиштүү мамлекеттик органдарга чара көрүү актыларын жөнөтөт. Бул актылар сунуш катары кабыл алынат. Алар көбүнчөсү биздин позициябызды кабыл алып, ишкердин пайдасына чечим кабыл алганга аракет кылышат.

Дагы бир сандарды айтып кетейин. Бүгүнкү күндө, Бизнес-акыйкатчы түзүлгөндөн бери даттанууларды карап, ишкерлерге жалпысынан 2 млрд. сомго же 22 млн. долларга жардам бердик. Жазаларды жокко чыгаруу, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу, камакка алынган мүлктү кайтарып берүү өзгөчө тутумдук көйгөй экен. Жаңы кодекстерде так жазылбайт экен. Мисалы, кандайдыр бир мүлк камакка алынса максималдуу мөөнөтү канча болушу керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошону да карап чыгып, кодекстер боюнча сунуш-пикирлерибизди жөнөтөбүз. Анткени, биздин оюбузча мөөнөтү так аныкталышы керек.

- Салык кызматы, мамлекеттик сатып алууларда, бажы тармагында арыз-даттануулар болуп жатат дедиңиз. Аларды чечүү боюнча мамлекеттик органдар канчалык ийкемдүү болуп жатат?

- Бизде чара көрүү актылары бар. Бирок, көбүнчөсү мамлекеттик органдар менен тыгыз иштеп, аларга өзүбүздүн позициябызды жеткирип, актыларга чейин эле чечип жатабыз. Чынын айтканда, көбүрөөктү каалайт элек, бирок абалды, мамлекеттин бюджетин түшүнүп жатабыз. Бирок, ошол эле кезде унутпашыбыз керек – мамлекет бүгүн бюджетти толтурабыз деп атып эртең бизнесибизди такыр эле жокко чыгарып алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан мамлекет менен ишкердиктин ортосундагы балансты сактасак бизнеске дагы, экономикага дагы, мамлекетке дагы жакшы болот эле.

- Кийинки кездери санкциялык мүнөздөгү чечимдер, мыйзамдар көбүрөөк кабыл алынып жатканын, мамлекеттик органдардын текшерүүлөрү күчөп баратканын, ортодогу баланс бузулуп жатканын айтып атышат. Сиздер жаңы кабыл алынып жаткан чечимдерге жана мыйзамдарга кандай баа берип жатасыздар?

- Биз дагы ошондой ой-пикирлерди угуп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын терс таасирлери уланып жатат, азыр деле сезип атабыз. Буга коомдук-саясий кырдаал дагы кошумча болуп жатат. Биздин оюбузча ушундай абалда ишкерлерди колдошубуз керек. Бул боюнча президенттин бир катар жарлыктары чыккан. Жакында эле фермерлерди колдоо боюнча да жарлыктар чыкты. Тилекке каршы, ишкерлердин оюндагыдай болбой жатат. Биз дагы жаңы мыйзам долбоорлору, кодекстер боюнча өзүбүздүн көз карандысыз экспертизабызды берип жатабыз.

Бирок биздин сунуштарыбыз толук кабыл алынган жок, 40%ын гана кабыл алышты. Жакында эле Жазык, Жазык-процесстик кодекстер күчүнө кирди. Алардын кандай таасир тийгизерин убакыт көрсөтөт. Биз байкоо салып турабыз. Бирок, башка жагын айта кетсем, жаңы мыйзамдар кабыл алынып жатканда ишкерлер менен кенен талкуу болгон жок. Дагы бир мисал, Жогорку Кеңештин сайтынын мыйзамдарды коомдук талкуулоо бөлүгү бир жылдан ашык убакыттан бери иштебей турат. Коомчулук маалыматты кайдан алат деген суроо жаралып жатат. Биздин оюбузча, олуттуу мыйзамдын же кодекстин долбоорун талкуулаганда кызыкчылыгы бар тараптар баары катышыш керек.

- Расмий маалыматтарга кайрылсак, “кирген инвестициянын көлөмү өстү, чыгып кеткен капиталдын көлөмү кыскарды” деген маалыматтар бар. Ишкерлер “мамлекеттин бизге болгон түшүнбөс мамилеси, кысымдар, текшерүүлөрдөн улам капиталын, бизнесин чыгарып кетип жаткандар көбөйүп жатат” деген маалыматтарды айтып атышат. Сиздердин бул жаатта байкооңуздар барбы?

- Бизде андай фактылар жок. Ошондуктан, бул жөнүндө айта албайм. Бирок, биз бизнес-ассоциациялар менен тыгыз иштегендиктен, алардан ушундай маалыматтар келип жатат.

- Чоң рахмат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG