Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 04:57

2021: Тандоо жасалды, кезек убаданын аткарылышында


Кыргызстандын желеги.

Узап бараткан жыл Кыргызстанда конституциялык реформа жана шайлоого жыш болду. 2021-жылы өлкө президенттик башкаруу системасына кайтып, жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоо өттү.

Былтыркы октябрдагы бийлик алмашуудан соң олку-солку менен башталган 2021-жыл - саясий окуяларга бай болду. Өлкөдөгү башкаруу системасы толугу менен өзгөрүп, жергиликтүү кеңештен президенттикке чейинки шайлоо өттү. Узаган жылдагы добуш берүүлөрдүн парадын президенттик шайлоо менен башкаруу системасын аныктаган референдум ачты.

Президенттик шайлоо жана референдум

10-январда өткөн шайлоодо Садыр Жапаров добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 80 пайызга жакынынын колдоосун алып, өлкө башына келди. Дал ушул сандагы адамдар референдумда президенттик башкаруу системасын колдошту. Кычыраган кышта өткөн шайлоого өлкөдө добуш берүүгө укугу бар жарандардын 40 пайызга жакыны гана катышты.

Бийлик референдумда президенттик башкаруу системасын жактап, аны менен мамлекеттик органдардагы жоопкерчиликти күчөтүүнү жүйө келтирген.

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл менен добуш берүүдө. 11-апрель 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл менен добуш берүүдө. 11-апрель 2021-жыл.

Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башында өзү туруп, өлкөдөгү ар бир тармакка жеке жоопкерчилик аларын билдирди:

"Оор жүктүн салмагын сезип турам. Мага Кыргызстан оор убакытта тийди. Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө демилгелерим бар, саясий эрким да жетет. Карызга баткан өлкөбүздү мекен үчүн деп каржала иштеп, өнүктүрүшүбүз керек. Кыргызстан бизге ата-бабалардан мураска калган".

Бийликтин жактоочулары 10 жылга жакын өкүм сүргөн парламенттик-президенттик башкаруу системасында кимдин эмнеге жооптуу экени белгисиз болуп, башаламандык орун алганын айтышты.

Башкаруу формасы аныкталган соң атайын түзүлгөн Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын тексттин даярдоого киришти. Анда деле негизги талкуу президенттин ыйгарым укуктары, Курултай институтун киргизүүнүн айланасында жүрдү.

Жаңы Баш мыйзамды иштеп чыккан кеңешменин төрагасы, президент Жапаровдун кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев да дал ушул жоопкерчилик маселесине өзгөчө басым жасаган.

"Биз жоопкерчиликти коштук. Президентке көп ыйгарым укук кетип калды деген сөз болуп турат. Мисалы, президенттин беренесин карасаңыздар, ал кишинин беш-алты функциясы бар. Ал мамлекеттин башчысы, аткаруу бийлигинин да башчысы, ички жана тышкы саясатты аныктайт, Баш мыйзамдын гаранты болот. Андан башка эң негизги жобосу бар - мамлекеттик бийликтердин ымалашып иштешине кам көрөт".

Конституцияны өзгөртүүгө каршылардын митинги. 22-ноябрь, 2020-жыл
Конституцияны өзгөртүүгө каршылардын митинги. 22-ноябрь, 2020-жыл

Коомчулукта президенттик башкарууга өтүүгө каршы болгондор да болду. Алар өлкөнүн өткөн тарыхын эске салып, эки жолку ыңкылапка дал ушул система, бийликтин бир колго топтолушу себеп болгонун жүйө келтиришти. Мындай пикирдеги активисттер "Ханституцияга каршыбыз" деп Бишкекте жума сайын акцияларды өткөрдү.

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева бийликтин тең салмактыгы бузуларын эскертип, анын таасири саясий кырдаалга тийиши мүмкүн экенин айтып чыккан.

Сания Токтогазиева
Сания Токтогазиева

"Президенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз болуп, парламенттики чектелип турганда Кыргызстандагы соттук система эч качан өз алдынча боло албайт. Эгерде биз таасирдүү соттордун болушун кааласак, бийликтеги кармап туруу жана тең салмактуулук механизмин камсыз кылышыбыз керек. Бул үчүн президент сотторду дайындоого таасири аз болууга тийиш. Конституциянын жаңы долбоорунда президент Конституциялык сотту да, Жогорку сотту да дайындай алат. Мындай болсо референдумдан кийин бизде өз алдынча сот системасы болорун күтө алабызбы?".

Кыргызстандагы Баш мыйзамдын айланасындагы талаш Венеция комиссиясына чейин жетти. Мурдагы акыйкатчы Токон Мамытовдун кайрылуусу менен Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен бирге Баш мыйзамдын жаңы редакциясында каралган президенттин жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына анализ берилип, айрым жоболор бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтириши мүмкүн деген тыянак берди.

Мындай талкуу, талаш-тартыштарга карабай апрель айында өткөн референдумда добуш берүүгө катышкан 37 пайыздан ашык шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдоду.

Ошентип, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң чөлкөмдө жападан-жалгыз парламенттик башкарууга багыт алганын жарыялаган Кыргызстан президенттик башкаруу системасына кайтты.

Казакстандык саясат талдоочу Расул Жумалы өлкөдөгү соңку кырдаалга ички себептер менен катар геосаясий абал да таасир тийгизгенин белгилейт.

Расул Жумалы
Расул Жумалы

"Жалпысынан Кыргызстандагы реформалар өлкөнүн ички иши деп саналса да, ал аймактагы геосаясатка байланыштуу болот. Айтсак, демократиялык реформаларды жүргүзүү Европага жакын мамлекеттерге, Польшага, Болгарияга, Румынияга өтө оңой. Себеби, айланасында демократиялык өлкөлөр, парламенттик мамлекеттер бар. Кыргызстанга бул маселеде өтө кыйын. Анткени айланасынын баары авторитардык, супер-президенттик системадагы мамлекеттер. Кыргызстандагы кырдаал буга да көз каранды. Өлкө Орто Азиянын так ортосунда жайгашкан. Башкача айтканда, айланадагы геосаясий жагдайга көп нерсе байланыштуу болот. Кыргызстанда кезинде Акаев, Бакиев, Атамбаев баштаган эксперименттеринин ийгиликсиз болушунун бир себеби - бул ички факторлор менен кошо аймактагы жагдай. Ошондуктан, менин оюмча, аймакта жалпы бир консенсус пайда болушу керек".

Жаңы баш мыйзамга ылайык, президент аткаруу бийлигинин башында туруп, облус, райондун башчыларын дайындоого чейинки бир топ ыйгарым укуктары болот. Мындан ары референдумдарды мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат.

Ошондой эле Конституцияда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болот жана “сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйынга” айланышы керек. Баш мыйзамдын бул нормасы азырынча иштей элек.

Бирок, Садыр Жапаров быйыл октябрдагы маалымат жыйынында кийинки жылдан тарта курултай алдында отчет берерин кыйытты.

Укугу кыскарган парламент, узаган шайлоо…

Конституциялык реформа менен шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү эриш-аркак жүрдү. Тагыраагы, шайлоо системасын азыркы баш мыйзамга ылайык келтирүү жараяны болду. Биринчиден, депутаттардын саны 90го түшүрүлдү, экинчиден, парламенттин курамы бир мандаттуу (36 депутат) жана партиялык тизме (54 депутат) менен шайланып келген депутаттардан куралды. Эң негизги өзгөчөлүк: парламент коалицияга биригип, өкмөт түзүү укугунан ажырады.

Дал ушул жагдай президенттик башкаруу системасынын башкы белгиси болуп калды.

Ошентип президент сунуштаган система, Конституция кабыл алынып, Садыр Жапаров ыйгарым укуктары кеңейди. Мындай шартта президент убада кылган реформалар шыр жүрүп, өзү белгилегендей, экономика менен алектенчү кез келгени айтылып жатты.

Жапаров да өз сөзүндө муну баса белгилеп, саясий процесстерди жыйыштырып элдин турмушун жакшыртуунун үстүнөн иштөө тууралуу айтып келди. Ал январдын аягындагы ант берүү аземин утурлай ушул убаданы кайталаган.

"28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенден тартып реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы түзүмү болот. Апрель айында жаңы Конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт. Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт".

Бирок президент болжогондой саясий процесстер июнга барып бүткөн жок. Шайлоо мыйзамдарын Баш мыйзамга шайкеш келтирүү жараяны создугуп, добуш берүү ноябрдын соңуна белгиленди. Бул жагдай саясий сезонду дагы узартты.

Жаңы жылга жаңы парламент менен!

Ансыз да акыркы окуялардан улам иштөө мөөнөтүн узарткан Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын кабыл алды.

Андагы негизги талкуу бир мандаттуу жана партиялык тизмеден куралган парламенттин ролу кандай болот жана кандай макамдарга ээ болот деген суроолордун айланасында жүрдү.

Жаңы Баш мыйзам жана жаңы мыйзамдарга ылайык өткөн парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 1000ден ашык талапкер катышты

Бир катар эксперттер мурдагыдай өкмөт куралбай, ыйгарым укуктардан ажыраган парламенттин ролу төмөн болорун эскертүүдө. Дал ушул себептенби, айтор бул жолу үгүт өнөктүгү мурдагы жылдарга карата солгун өттү.

Беш жолку добуш берүүдө тең элдин катышуусу төмөн болду. Талдоочулар муну бир нече факторго байланыштырат. Алардын эң башкысы жарандар саясаттан чарчап, кайсы бир деңгээлде көңүл калганы. Экинчиден, миграция, бир аймактан экинчи аймакка өтүп добуш берген форма №2 деген ыкмалардын жокко чыгарылышы себеп катары көрсөтүлдү.

Башкаруу системасы өзгөргөнү менен Жогорку Кеңешти төмөн көрүп, аны эске албай коюу туура эмес экенин айткандар да бар. Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев тескерисинче, бул ирет парламент активдүү болот деп, анын себептерин төмөнкүчө негиздөөдө:

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

"Бул парламент күчтүү болот. Анткени депутаттардын ыйгарым укуктары кыскарган соң алар өздөрүн көрсөтүүгө аракет кылышат. Депутаттык комиссияларды түзүп иликтөө кылат, мыйзамдын так сакталышын көзөмөлдөөгө аракет кылат. Бир мандаттуу округдардан шайлангандардын артында шайлоочулары турганын билет, партияларда деле мажоритардык принцип иштеп, мурдагыдай партия лидерин укпай, көз карандысыз болот".

Кандай болсо да Кыргызстан шайлоо өнөктүктөрүн жыйынтыктап, жаңы жылга жаңы парламент менен кирди. Өлкө бийлиги каалагандай Конституция, башкаруу системасы толук түрдө иштей баштады.

Шайлоо бүттү, жемиши кандай болот?

Мындан ары саясий окуялар кандай өнүгөт, эмнелер өзгөрөт деген суроо актуалдуу бойдон турууда.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бийлик бутактары ортосундагы тең салмактык жок болуп, бийликтин күчтөнүшү өлкө үчүн терс таасири болорун эскертип жатат. Анын пикиринде, жаңы шайланган парламент аткаруу бийлигине көзөмөл кылууга жөндөмсүз болот:

"Бийликтин күчтөнүүсү “застойго” алып келет. Мындай көрүнүш биздин тарыхыбызда болгон, президенттен башка эч ким жоопкерчиликти өзүнө албайт жана жаңы демилгелерди жасабайт. Ошондой эле, бийликтин туура эмес жүрүп жаткан саясатын парламенттегилер сынга ала албай калат. Мунун натыйжасында өзүм билемдик болуп, тажрыйбасы, билими жана компетенциясы жетишпесе сөзсүз жаңылууга алып келет".

Бирок Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакынкы мезгилде жаңы системанын жыйынтыгы сезилерин айтып жатат. Вице-премьер президент Жапаров жана командасына толук кандуу иштөөгө эми гана шарт түзүлгөнүн белгилейт:

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

"Күчтүү бийлик замандын талабы. Жаңы доор деп жатабыз, дал ушул учурда бийлик күчтүү болуп, мамлекетти сактагандай болушу керек. Күчтүү бийлик десе айрымдар диктатураны элестетип, дагы бирөөлөр авторитаризм деп жатышат. Бирок андай болбойт. Ага жол берилбейт. Баары мыйзам чегинде, элдин кызыкчылыгында иш жүрөт. Жогорку Кеңеш шайланып келди. Конституциялык жаңы түзүлүш эми гана толук кандуу иштеп, даңгыр жолго түшүп жатабыз. Эми жыйынтыктарды көрсөтүп, жетишкендиктер боюнча отчетту даярдап жатабыз".

Талдоочулар кандай болбосун президентке эң ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн белгилешет. Эми ыйгарым укуктар менен катар жоопкерчиликти алган бийлик экономика, элдин турмушун оңдоого милдеттүү болорун мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев белгиледи.

"Бардык шайлоо жыйынтыкталды. Саясат бүттү. Бир гана нерсе алдыга максат коюп, программа менен жумуш алып барыш керек. Баш мыйзамда президенттин жоопкерчилиги жөнүндө жазылып, аткаруу бийлигинин башына келди. Жоопкерчилик алды. Эми жыйынтык көрсөтүшү керек".

Эгемендигинин 30 жылдыгын белгилеген Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү тынымсыз саясий процесстер орун алган, коңшуларга караганда демократиялуу саналган өлкө катары белгилүү. Бул убакыт аралыгында бийлик үч жолу күч менен алмаштырылып, карама-каршы окуяларды башынан өткөрдү.

Эл аралык эксперттер учурда Кыргызстан багыт алган жолдо бийликтин жоопкерчилиги жана жарандык коомдун активдүүлүгү, сөз эркиндиги эриш-аркак жүрсө гана ийгиликтүү болорун эскертип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG