Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Гендердик квота: партиядан колдоо таппаган аялдар


Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо.Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.

"Кыргызстандагы аялдар кыймылы" 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен өлкө парламенттеги аялдардын саны жагынан Борбор Азияда эң артта калганын айтып чыкты.

Ноябрдын соңунда өткөн шайлоого партиялык тизме менен катышкандардан 19 аял гана депутаттык мандат алат. Бул парламенттеги 90 депутаттын 21% гана түзөт.

"Партиялар аялдарды колдошу керек эле"

Парламенттеги аялдардын саны тууралуу маселе кайрадан талкууга алынышына 21-декабрда Бишкектин административдик соту "Альянс" партиясынын арызын канааттандырганы негиз берди.

"Кыргызстандагы аялдар кыймылы" мандаттарды бөлүштүрүүдө мыйзам сакталууга тийиш экенин айтышууда.

24-декабрда уюштурулган талкуунун катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота тууралуу өзгөрткөн жобосун коргоого алышты.

"Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан, экс-талапкер Перизат Суранова "Альянс" партиясы квотаны сактап, парламентте айымдардын санын көбөйтүүгө салым кошууга тийиш болчу деген пикирде.

Перизат Суранова.
Перизат Суранова.

"Бул кырдаал партиянын квота маселесине мамилесин коомчулукка ачыктап койду. Партиядагы аттуу-баштуу, сабаттуу, бир нече чакырылыштарда депутат болуп жүргөн адамдардын жүзүн ачты. Алар ушул мыйзамдарды өзгөртүүгө салым кошуп жүрүп, кайра ага каршы чыкканы өкүндүрөт. Анткени Конституциялык мыйзамдын бузулганына сот чечиминин да таасири бар. Сот адилеттүү чечим чыгармайынча, коом өнүкпөйт".

Перизат Суранова партиялардын лидерлери квотаны өркүндөтүп, керек болсо аны 50/50% деңгээлге алып чыгууга аракет көрүүгө тийиш деп эсептейт.

"Мандаттын 30 пайызы аялдарга, калганы башкаларга"

Шайлоо боюнча эксперт Бакыт Самаков Конституциялык мыйзам боюнча аялдарга берилген квота 30 пайыздан кем эмес деп жазылып турганын эскертип, Боршайком жобону ушул мыйзамга ылайыктап өзгөрткөнүн белгиледи:

"Конституциянын 54-беренесинин 4-бөлүгүндө аялдарга бериле турган мандат жалпы мандаттан 30% кем эмес болушу керектиги жазылып турат. Эгер андан аз болсо мыйзам бузууга жатат. Бул аял талапкерлердин укугун жана саясий катышын сактоо максатында атайын кабыл алынган чаралар. 30% мандатты аялдарга берип, калган 70% башка талапкерлер бөлүп алышы керек".

Боршайком 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квотанын сакталышы тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан бир, жети мандат алган партиядан үч аял депутат болот. Жобо боюнча жети мандаты бар "Альянс" партиясынан тиешелүү добушка ээ болуп, утуп чыккан талапкердин бири - Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчага мандат берилмек.

Бирок партиянын саясий кеңеши жана талапкер Жанар Акаев өзү Боршайкомдун чечимин "адилетсиз буйрукту аткарды" деп айыптап, 17-декабрда БШКнын чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган.

Сот ишти 21-декабрда карап, "Альянс" саясий партиясынын доо арызын канааттандырган. Ага ылайык, аталган сот БШКнын 15-декабрдагы "Бирдиктүү шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу", анын ичинде “Альянс” саясий партиясынан аял талапкерлерге үч депутаттык мандатты аныктоо жөнүндө, ошондой эле Оргалча Токтобүбүнү Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтомун жокко чыгарган.

"Жанар Акаев эркек болгону үчүн жабыркабашы керек"

"Альянс" партиясынын өкүлү Шайырбек Маматокторов гендерлик квота маселесин жалаң аялдардын пайдасына чечүү туура эмес экенин билдирди. Ал талкуунун катышуучуларын аял талапкердин гана укугуна эмес, Жанар Акаевге добуш берген шайлоочу аялдардын да укугуна көңүл бурууга чакырды.

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

"Гендердик квота - аялдардын укугу деген сөз эмес. Бул жыныстардын тең укуктуулугу. Беш миңден ашуун добуш алган адам өзүнүн эркек болгону үчүн жабыркабашы керек. Жанарды шайлагандардын балким 4 миңи аялдар балким. Алардын укугу кайда калат анда? Активдүү саясатчы болуп жүргөн Жанар Акаев 5 миң добуш албаса, "Альянс" беш пайыздык босогодон өтпөй калмак. Жанар партияны алдыга сүйрөдү. Ал дайыма аялдардын укугу, парламентаризм, демократия үчүн күрөшүп келген мыкты саясатчы".

Бул аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди:

"Боршайком соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды. Эми бардыгы Жогорку соттун чечимине жараша болот".

28-ноябрдагы парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Бир мандаттуу округдардан катышкан 27 аял талапкердин бири да тиешелүү добуш алган жок. Ал эми партиялык тизме менен катышып, жеңишке жеткен партиялардан жалпы 19 аял депутаттык мандат ала алат. Бул парламенттеги 90 депутаттын 21% гана түзөт. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 5;
  • "Ишеним"- 4;
  • "Ынтымак"-3;
  • "Альянс"- 3;
  • "Бүтүн Кыргызстан" -2;
  • "Ыйман Нуру" - 2 аял мандат ала турган болду.

Талкуунун катышуучулары белгилегендей, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Кыргызстан парламенттеги аялдардын саны жагынан Борбор Азиядагы артка кетти. Алсак, Түркмөнстанда аялдар парламент мүчөлөрүнүн 25% түзсө, Тажикстанда 25,8%, Казакстанда 27,1%, ал эми Өзбекстанда 32,7 пайызын түзөт.

Жергиликтүү кеңеште депутаттардын 30% аялдар түзүшү керек деген мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Анын негизинде Ысык-Көл облусунун Саруу жана Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагында биринчи жолу шайлоо өтүп, депутаттык мандатка ээ болгон аял талапкерлер көбүрөөк болгон. Бирок жаңы мыйзамга нааразы эркектер президентке кайрылуу жасап, аялдардын кеңеште көп болушуна каршы чыккан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG