Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Жаңы кодекс: Жээнбековдун адвокаты бийликке кайрылды


Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков күзөттүн коштоосунда БШКга келген учуру. Ноябрь, 2021-жыл.
Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков күзөттүн коштоосунда БШКга келген учуру. Ноябрь, 2021-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармалып турган саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев президентке кайрылып, жакында күчүнө кирген кодекстерге ылайык аны бошотууга чакырды.

2-декабрда жолдонгон кайрылууда мыйзам боюнча саясатчы камактан бошотулушу керектиги жазылган.

"Жаңы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодекс күчүнө кирип иштеп жатат. Ага ылайык, кылмышты жасады деп шек саналып кармалган айыпталуучу кармалган убактан баштап соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин бир жылдык мөөнөттөн ашык убактылуу кармоочу жайда кармалбашы керек. Ал эми Жээнбеков бир жылдан ашуун убактан бери бул жерде (№1 тергөө абагы - ред.) кармалып турат. Биз бул мыйзам күчүнө киргенге чейин, 30-ноябрда жаңы мыйзамга ылайык, Жээнбековду бошотууну өтүнүп тергөө абагынын башчысына кайрылганбыз. Бирок мекеменин жетекчиси бошото албай турганын айтып жатат. Мыйзам муну милдеттендирет. Бул жерде соттун чечими кереги жок, администрация өзү 115 жана 303-беренелерине ылайык бошотушу керек", - деди Жоошев.

Адвокат ушундай эле мазмундагы кайрылууну Башкы прокуратурага да жолдоду. Жоошев өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн президент өзү кепил болушу керектигин кошумчалап, аны аткарууга чакырууда.

Оппозициячыл саясатчынын жактоочусунун кайрылуусуна президенттик администрация менен Башкы прокуратурадан жооп кайтарыша элек.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев бардык иштер мыйзамдын алкагында чечилиши керектигин билдирди:

"Мен президенттин кеңешчиси эмес, жаран катары айтсам, мыйзамдуулукту колдойм. Мыйзам кандай болсо так ошондой аткарылышы керек. Ал эми мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңештин депутаттары. Эгерде мыйзам туура эмес болсо, алар жооп бериши керек".

Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрда күчүнө кирди.

Президент 20-ноябрда прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, жаңы кодекстерде ар бир ишти кароонун чектелүү мөөнөтү болоорун, мурдагыдай айлап-жылдап ишти созууга бөгөт коюлганын билдирген эле.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.


Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет. Ал 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги Ленин бир мандаттуу округунан талапкерлигин коюп, БШК аны каттаган. Бирок сот саясатчыны үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан. Буга карабай абакта жатып талапкер болгон Равшан Жээнбеков депутаттыкка ат салышып, баштапкы жыйынтык боюнча 10% жакын добуш алды.

Атүгүл дал ошол округдун шайлоочусу болгон президент Садыр Жапаров Равшан Жээнбековго добуш бергени белгилүү болду. Президент муну Равшан Жээнбеков депутаттыкка шайланып калса, эркиндикке чыгабы деген үмүттө добуш бергенин түшүндүргөн.

Ал ортодо айрым эксперттер акыркы күндөрү ар кыл айып менен камакка алынган бир катар жогорку кызматкерлердин бошонуп жатканына көңүл бурушууда. Маселен, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев Бишкек шаардык сотунун 2-декабрдагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан бошотулду.

Салиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев ага коюлган берене өзгөртүлгөнүнө байланыштуу эркиндикке чыгарылганын маалымдады.

"Бул жерге корголуучума тагылган берене өзгөртүлдү. Мурда “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылган. Азыр болсо жаңы кодекс боюнча "Кылмыштуу жол менен мыйзамсыз баюу" деп кошулуп калды. Декриминализация болуп калды. Ошонун негизинде эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Биз аны толугу менен кыскартуу боюнча өтүнүч келтирип жатабыз".

УКМК Салиевди быйыл 16-июнда кармаган. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Ага чейин "Кумтөр иши" боюнча кылмыш иши козголгон мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев жана Жоомарт Оторбаев эркиндикке чыккан эле.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул иштерди бири-бири менен салыштыруу туура эмес экенин белгилейт. Бирок ким болбосун кылмыш ишин ачып, сот менен кылмышын далилдебей, узак мөөнөт камакта кармоо адам укугун бузууга жатарын билдирди:

"Бул иштердин бири экинчисине окшобойт. Экөөнү салыштыруу туура эмес. Бирок көңүл бурчу бир жагдай бар. Эгер Равшан Жээнбеков ошондой эле коркунучтуу кылмышкер болсо, БШК аны талапкер кылып эмнеге каттады? Демек, андай коркунучтуу эмес. Ошого көңүл буруш керек. Экинчиден, мен жакында өлкөдөгү көпчүлүк тергөө абактарын кыдырып чыктым. Ал жакта шектүү деп кармалып төрт жылдан бери сотун күтүп жаткандар бар. Мына ушуларга да көңүл буруш керек".

Кыргызстанда соңку жылдары Жазык кодекси баш болгон бир катар мыйзамдар бир нече жолу өзгөртүлдү. Алардын башкы максаты - гумандаштыруу экени айтылган. Бирок оппозициячыл саясатчылар бул жараяндар тандалма жүрүп, бийликтин сынчыларына каршы иштебей жатканын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG