Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Алмамбет Салиев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду


Алмамбет Салиев.
Алмамбет Салиев.

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев Бишкек шаардык сотунун 2-декабрдагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Салиевди быйыл 16-июнда кармаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Атайын кызмат Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы октябрь окуяларына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине “бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт” деген сын-доомат айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG